Кыргызстандын "Чайка" даректүү тасмасы Москвадан бир нече сыйлык утуп алды

Кыргыз режиссёру Елизаветта Стишованын “Чайка” даректүү тасмасы Москвада өткөн “Ыйык Анна” аттуу эл аралык фестивалда 3 сыйлыкка татыктуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде “Кыргызфильм” киностудиясынын маалымат кызматы билдирди. Аталган тасма “Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты сценарий” жана “Эң мыкты оператордук чеберчилик” аттуу наамдарды жеңип алды. Айта кетсек, "Айтыш фильм" киностудиясынан тартылган 30 мүнөттүк бул даректүү тасмада Талип аттуу мугалим тууралуу баяндалат. Фестиваль быйылкы жылды кошкондо 20-жолу уюштурулуп, 4-апрелден 12-апрелге чейин болуп өттү.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KR-777
2013-04-15 16:48:40
азамат, маданият которулсо бардык тармакта ийгиликтер пайда болуп баштайт эле.
0
zheentaev1
2013-04-15 16:59:12
Азаматсынар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан