Москвада “кыргыз жаранын сабап, 200 миң рубль талап кылган” деп шектелген 4 адам кармалды

Москвада “кыргыз жаранын сабап, 200 миң рубль талап кылган” деп шектелген 4 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сентябрь айынын башында 25 жаштагы кыргыз жараны Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылган. Анда ал 31-август күнү белгисиз 4-5 адам тапанча такап коркутуп токойго алып барышканын жана ал жактан сабап, 18 миң рубль акчасын, кымбат баалуу кол саатын, паспортун, эмгек келишимин алып коюшканын айткан. Ошондой эле алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин айтышып, 4 күндүн ичинде 200 миң рубль алып келишин талап кылышкан. Бул факт боюнча ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана орусиялык кесиптештери менен бирге ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзгөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 4 адам кармалган.

  • П.Эмил, 1993-жылы Ош шаарында туулган. Мурда Орусияда тоноо боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
  • К.Биджон. 1980-жылы Өзгөн районунда туулган. Орусиянын жараны.
  • С.Тынчтык. 1989-жылы Кара-Суу районунда туулган. Орусиянын жараны.
  • К.Бек. 1995-жылы Өзгөн районунда туулган.

Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, мындан башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
erlist
2016-09-23 18:06:37
Бу жигиттердин жумушу укмуш экен бир жумада 200 000 тап деп...булар камалбайт да болуш керек эми "разводит"этип чыгып кетет.
+15
Daldachka
2016-09-24 02:20:00
erlist,бул Москва да закон бардыгына бирдей,Кыргызстан эмеско закон эмес акча иштегидей
0
aziziko
2016-09-24 02:33:41
Daldachka, Ким айтты Россияда закон бар деп ?
+3
erlist
2016-09-24 03:14:48
Daldachka,акча баардык жерде чечет азыр сен марста жашап аткансын го анда э
0
aseras
2016-09-23 18:23:59
Арам тамактар.Бироонун жеринде темселеп журсок кылган иштери кара.
+17
AIZAD
2016-09-23 18:29:19
Мен иштен тунку 12:00 де чыгам, уйго жеткиче 15мин, башка улуттардан эмес оз бир тууган кыргыздардан корком (((
+24
sultan89
2016-09-23 20:03:43
AIZAD,енн туура айттын башка улуттан
емес азыр озундун бир канындан кыргыз
бир туугандар бири бирин тоноп сабап
коркутуп акчасын алып калган азыр
+14
Arslan12
2016-09-23 18:31:26
Бир урсан жыгылчудай го баары)))
+2
Ayida
2016-09-23 18:47:39
Жакшы эле балдардай корунушотго мумкун пастава кылып аткандыр билбейм кимге ишеничти.Куйоосун каматып жибергендер бар экен урушуп калса эле тообо кылдым
-14
Aida001
2016-09-23 18:56:19
Ушундай ишке колу барган адамдарды эч тушунбойм.Озунун эле мекендешин ага инилерин тоношот.Ушинтип кыргыздар озубузду озубуз артка тартабыз.Кундору турмодо отот эми.
+6
Ulantay
2016-09-23 21:14:32
Aida001,Булар өзүбүздөн башкаларга алы жетмек турсун,сүйлөй алышпайт.
+6
Sirduusezim
2016-09-23 19:01:13
Аии озу кыргыз болуп туруп ушинтет озундон чыккан балеге каяка барасын дабага дейт да
+7
sherzatik
2016-09-23 19:14:03
Дагы эле кыргыз бири бириңди тоноп жатасыңар. Качан адам болобуз?Колу бутуң ар аман адал эмгек менен акча тапсаңар кудай сүйүнө турган иш болоор эле. Кыргыз пейилиңди оңдо жүрөкө ыйман киргиз. Тоногондун ордуна жардам берсек жакшы эле болмок. Мен да москвада иштеп жүрөм кыргыздар ынтымагыңар жок,өзүм деле күбө болуп келем мындай адамдарга.
+10
muratkg
2016-09-23 19:16:49
Ар бир инсан кылган ишине жооп берчу кун келет.
+5
Aygir
2016-09-23 23:17:49
"Өнүгүү прогресс" дейби тиги чёрный.
-1
stepboy
2016-09-24 00:16:06
Мындайлар москвада толтура азыр
+1
sasyura
2016-09-24 00:28:29
Озунчо "черный" болушканго тим эле)
+3
KUMU89
2016-09-24 00:50:18
Эне суту оозунан кете элек. Жаш эле балдар экенго. Эх кыргыздыгыбызга барабызда. Буларды туртуп коюп. Артында колоколору болсо керек.
0
Marat-m
2016-09-24 07:50:14
Неге жузун тосуп коесунар
эл корсун билсин баары
туугандары м н кошо уят болушу керек
бул чимкириктер
+3
altyshka_23
2016-09-24 11:45:37
Уят бир биринерди колдоштун ордуна тонойсунар.Арам акча аш болбойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан