Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев мүлкү менен тааныштыруу максатында пресс-тур уюштурду. Анын жүрүшүндө депутат журналисттерге Бишкектин Орто-Сай-2 конушундагы жеке үйүн көрсөттү.
“Бул жер тилкени 2011-жылы 40 миң долларга сатып алгам. 5 жылдан бери курулуш иштерин жүргүзүп жатам. Жакынкы 5 жыл ичинде курулушту бүтөбүз деп жатабыз. Бул жер тилкени экс-депутат Өмүрбек Абдрахмановдун аялынын сунушу менен сатып алганбыз. Акчабыз жетишпегенинен Абдрахмановдун үй-бүлөсүнөн 20 миң доллар карыз алып турганбыз. Кийин толугу менен кутулганбыз. Курулуп жаткан үйүбүз 2 кабаттуу, 5 бөлмөлүү”, - дейт Текебаев.