Бишкекте өткөн аукциондо 01 777 ААА деген автоунаа номуру 1 миллион 716 миң сомго сатылды. Маалыматты бүгүн, 28-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынан ырасташты. Бишкек шаарына таандык 01 коду менен башталган бул номурду Бишкек шаарынын тургуну сатып алган. Номурдун баштапкы баасы 60 миң сом болчу. Белгилей кетсек, буга чейин аукцион аркылуу 01 001 ААА номуру 594 миң сомго, 111 ААА номуру 160 миң сомго, 888 ААА номуру 180 миң сомго, 999 ААА номуру 282 миң сомго сатылган.
Белгилей кетсек, 1 миллион 716 миң сомго учурда Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батир сатып алууга мүмкүн.