1 миллион 716 миң сомго 01 777 ААА деген мамлекеттик номурду сатып алган жаран Журат Абдуллаев экени айтылды. Маалымат бүгүн, 29-сентябрда социалдык тармактарга интернет колдонуучулары тарабынан жарыяланды. "777 ААА деген номурдун ээси - Журат Абдуллаев. Ал жана анын агасы - "Гавайи" кафесинин кожоюндары" деп айтылат анда. Белгилей кетсек, аталган номур 28-сентябрда өткөн аукциондо сатылган. Ушул эле күнү 01 001 ААА номуру 594 миң сомго сатылган.
Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов аукционго катышкандардын арасында мындай фамилиядагы жаран болбогонун, бирок номурду утуп алган адамдын аты-жөнү Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан айтылбай турганын билдирди.