SUPER.KG карылар үйүндөгү карылардан кабар алды (фоторепортаж)

1-октябрь Эл аралык карылар күнү катары белгиленип келет. Карылар күнүн белгилөө боюнча чечим 1990-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчылыгы тарабынан чыгарылып, 1-октябрь расмий майрамдардын катарына киргизилген. 26 жылдан бери Кыргыз жеринде да бул күн кызуу белгиленип, жаштар жана улуу муундун өкүлдөрү улгайган адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, жылуу сөздөрүн арнап, ден соолук тилеп келишет.

SUPER.KG порталы бул күндү көңүл сыртында калтырбай, чакан белектерди тапшыруу, карылардын абалынан кабар алуу жана баарлашуу максатында Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде болуп кайтты. Бул жайда жалпы 218 кары бар. Алардын 54ү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер. 30дан ашыгы төшөктөн тура албайт жана өзгөчө камкордукка муктаж. Мындагыларга күнүнө 3 маал ысык тамак берилип (1 адамга күнүмдүк коротулган сумма 100 сомду түзөт), ден соолуктарына кам көрүлөт. Мекеменин жылдык коромжусу 20 миллион сомдон ашат. Кызматкерлерге 5-6 миң сом өлчөмүндө маяна төлөнөт.

Карылар менен баарлашып, алардын муңайым тарткан жүздөрүнөн татаал тагдырга болгон нааразычылыкты окуганга болот, бирок мында аларга өз үйүндөгүдөй кам көрүү аракеттери көрүлөт. Кезинде тигүүчүлүк менен иштегендерге, усталарга, кол өнөрчүлөргө атайын шарттар түзүлгөн. Бизди жылуу тосуп алган карылар кароо-сынактарда байгелүү орундарды ээлегендерин айтып, өздөрүнүн колунан чыккан буюмдарды көрсөтүп, өткөн күндөрүнөн кеп салып отурушту. Алар менен чогуу атайын уюштурулган майрамдык иш-чарага катышып, аларга бекем ден соолук тилеп, колдорун кыса коштошуу менен жолубузга түштүк.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты төрдүн көркү болуп, эмгек менен көгөрүүгө үлгү болуп келген бардык карыларды Эл аралык карылар күнү менен куттуктайт!


кошулду
SUPER.KG карылар үйүндөгү карылар менен баарлашып, кабар алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Rakyl12
2016-10-01 13:39:49
Адам карыганда жаш баладай болуп калат а жаш баланы озгочо мээрим менен чонойтот. Коздорунон мунайынкы коз карашты коросун макул 100 милион коротсон да оз уйундогудой бала чакасы менен откондой болбойт.Келгиле ата-энелерди урматтайлы бугун эле эмес 365 кун карыганда бапестеп багалы, ар ким оз ата- энесин караса ал жерге эч ким барбай калат.
+30
Rasul1987
2016-10-01 17:12:15
Rakyl12,ата-энесин бакпай ушул жерге таштап кеткен балдар Кудайдан корккула
+6
barakcha
2016-10-01 17:31:54
О Жараткан,бала берсен ыйманы менен бере кор!(((
+14
maksat-kg-kg1
2016-10-01 18:39:54
Кудайдан корккула! Ата энени таштап аялына кул болгондор !
+11
ikitaidesu
2016-10-01 19:09:16
Тооба кылдым кыргыз ата энелер дагы барып калышканбы? Балдарга КУРАН менен тарбия бериш керек. Куран баарын уйротот. Эхх, момундар ата-эненин ыраазылыгын алмайынча жакшылык корбойбуз.
+14
aismiris
2016-10-02 09:56:01
Менин ушундай атам болгондо жанынан бир секунда да чыкпай карамакмын атин ай бироого кор, бироого зар дуйно а
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан