Көңүл бурулбай калган Эркиндик бульвары

Бишкек шаардык мэриясы Эркиндик бульварын көз жаздымда калтырды. Аталган көчөдө бараткан адамга бул көчө таптакыр каралбай калган сыяктанып көрүнөт, анткени көчөнүн четиндеги жөө адам басуучу жолдун абалы талапка жооп бербейт. Жол четиндеги мамылардын түбүндө чөп өсүп, арыктар ылайга толуп калган. Байкаган адамга Эркиндик бульварындагы арыктар эрте жаздан бери тазалана электиги көрүнөт. Жалбырактар шыпырылбай, жамгырдан улам жерге жабышып жер болуп бараткандары бар.

Бул көчөдө эшигин шыпырып жүргөн айым өзүн Айша деп тааныштырды. Ал өз сөзүндө: "Бир топ жылдан бери бир аксакал жолду шыпырып жүргөнүн көрөм. Ал дайыма "Тазалык" ишканасынын кийимин кийип жүрөт, бирок ал адам автоунаа жолунун четин гана шыпырат. Тротуарларды карабайт. Ал эми жумушчулар жумасына эки ирет келип таштандыларды алып кетишет", - деди.

Шаардын башка аймактары тазаланып, оңдолгону менен, Эркиндик бульвары кароосуз калгандай.
Жибек-Жолу көчөсүнө жакын аймакта жолдун так ортосундагы кудук ачык боюнча 5 айдан бери турат. Бул кудукка дарактын шактарын салып, "бул жерден жүрүүгө болбойт" деген белги коюп коюшкан. Буга жакын жерде дагы бир чуңкурча бар. Бул дагы бир канча айдан бери каралбай жатат. Мындан улам жабылбай жаткан кудуктар айдоочулардын өмүрүнө коркунуч алып келери шексиз.

Бул көчөдө капчыктуу адамдар жашаары баарына белгилүү. Чөнтөгүндө акчасы барлары атайын арык казып өздөрүнө шарт түзүп алышкан. Айрымдары арчаларды тигип, кооздоп, ал тургай жолго өз алдынча дөңсөө жасап коюшкан. Акчалуулар атайын жашыл чөптөрдү өстүрүп алышса, шарты жокторунун үйүнүн тушунда куураган чөптөр жатат. Арыктан аккан суу тротуарды каптап, ылай басып калат. Айтор, Эркиндик бульвары таптакыр кароосуз калгандай сезилип, айылдын көчөлөрүндөй көрүнөт.

Ошол эле учурда Фучик көчөсүнө 15 миллион сомдук темир тосмо орнотуп, саммитке катышкан президенттерге Бишкектеги калктын чыныгы жашоосун көрсөтпөөгө аракет жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sofy
2016-10-05 17:04:31
En sonun makala! En tuura aytylgan achuu sozdor! Жөө адам басуучу тратуар дегеле жок калган!
0
sultan89
2016-10-06 07:09:04
е бишкек качан еле таза болчу еле?
Фрунзе убагында соонун таза болгон
айрыкча ош базар жака барсан кочо толтура мусор, бардак селсаяктар ар кайсы жерде жатат
беш сарынын тегерегинде телефон саткан супер мошенниктерди коросун.
+1
Akbermet94
2016-10-06 15:21:48
Бишкек борбор эмес эле, кыштак болуп калды гооо, айтайын дегеним озунуздорго деле маалым болуптур........ Бул корунуш бир эле Эркиндик бульварында эмес........
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан