Өзгөн күрүчү менен Ош самсасы өздөрүнүн өзгөчө даамы менен баарына белгилүү. Ошко болгон сапарыбызда бул тамактарды ооз тийип гана тим болбостон, окурмандарыбызды алардын жасалышы менен тааныштырууну туура көрдүк.
Алгач Өзгөн шаарына барып күрүч басуу процесси менен тааныштык. Шаардыктар айткандай, киши үзүлбөгөн чайканага бардык. Ош облусунун эли меймандостугу менен да өзгөчөлөнүп турат эмеспи, андыктан чайкананын кызматкерлери биздин чыгармачылык топту жакшы тосуп, ашканасына киргизүүгө дароо макул болушту.
Өзүн Лутфилла Амилов деп тааныштырган ашпозчу бизге палоонун басылышын көрсөтүп айтып бермей болду.
"Биз палоону койдун куйрук майына басабыз. Алгач казанды ысытып, куйруктун өзүн гана салып, майы чыккыча кууруйбуз. Башка май кошпойбуз. 1,5 килограмм күрүчкө болжол менен 500 грамм куйрук керектелет. Куйрук куурулган соң аны өзүнчө табакка чыгарып, үстүнө пияз кошуп кардарларга беребиз. Өзүнүн майына куурулган куйрук "чиза" деп аталат", - дейт Лутфилла Амилов.
Ашпозчу эттин өлчөмү басыла турган күрүчтүн өлчөмүнө барабар болушу керектигин айтат. Ысып турган майга сөөктүү этти салып кууруу керек, себеби сөөктүн даамы чыгат. Андан кийин сулп этин салып куурушат. Отту жайлатпоо керек. Пиязды кошуп, алтын түстүү болгуча кууруп, анан сабизи салынат. Өзгөн "ашы" сары сабиз менен басылат. Буга 1 килограмм 200 грамм сабиз кошулду. Ошол маалда күрүч тазаланып, жуулуп, сууга чыланат.
"Эгер күрүчтүн түсү кызыл болсо, сабизди кызарта куурубайбыз. Баса турган күрүч агыш болсо, сабизди кызартып кууруу керек", - дейт ашпозчу.
"1,5 килограмм күрүчкө 3 литр суу куябыз. Шорпосуна жуулган сарымсакты кошуп кайнатабыз. Биз жаш малдын этин колдонуп жатабыз, ал бат бышат, көпкө чейин кайнатпайбыз.
Шорпосу бир аз туздуу болушу зарыл. Жуулган күрүчтү кайнап жаткан шорпого салып, жай отко, шорпосу соолугуча кайнатабыз. Татымына жараша зире салып койсок болот.
Күрүчтүн шорпосу соолуп калганда кызыл калемпирди салып, жай отто демдейбиз. Жарым саатта күрүч бышып калат.
Палоо даяр. Үстүнө көк пияз менен анарды себелеп кардарларга беребиз", - деди ашпозчу.
Өзгөндөн Ош шаарын көздөй барып, даамдуу самсалары менен белгилүү болгон самсаканалардын биринде болдук. Самсакананын кызматкерлери да бизди өздөрүнүн күнүмдүк иши менен тааныштырууга киришишти.
"60 грамм камырдын ортосу калыңыраак жайылып, 100 грамм фарш кошулат. Бул жакта 9 адам иштейт, мен өзүм 3 жылдан бери иштейм, бала-чакам бар. Аялыма майрамдарда самса бышырып берем", - деди камыр жайып иштеген Асадбек Айдаров.
"Үч жылдан бери самса жасап иштейм. Күнүнө 930 сом алам, тапканым өзүмө жетет, ишиме ыраазымын. Самсага жаш малдын этин, майын колдонобуз, ар бир самсага эт менен май да кошуу керек. Ал өзгөчө даам берет. Этибиз таза болгондуктан кардарларыбыз көп", - дейт Данияр Сулайманов (солдо).
Ал эми самсаларды жапкан Исламбек Касымов 15 жылдан бери иштейт, башка жактан өзүнүн ишин ачканга аракет кылган, бирок кайра эле ушул жакка келгенин айтат.
"Кардарлар жакшы болгон кезде 4 миңдей самса сатылат. Самсаларды 250 градуста бышырабыз. Бышкан самса жумшак, жылтырап туруш үчүн аларды тандырдын бетине чаптаган соң суу сээп коюу керек", - дейт Касымов.
Айгүл Шербаева Озгур айылынан күндө келип иштейт.
"Кардарларга сылык мамиле кылам. Канчалык жакшы мамиле кылсаң, кардарлар ошончолук көп келет. Көбү ыраазы болуп кетет. Самсабыз 55 сом турат", - дейт Шербаева.
Оштогу тамактануучу жайлардын көбүндө спирт ичимдиктерин ичүүгө, чылым тартууга тыюу салынган.
Ош, Өзгөн шаарлары даамдуу тамактары, аларга болгон арзан баалары менен эсибизде калды.