Жогорку Кеңештин депутаттары актёр Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна бир күндүк эмгек акыларын беришет. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда парламент жыйынында белгилүү болду.
Төрага Чыныбай Турсунбековдун айтымында, ар бир депутат өз ыктыяры менен бул маселе боюнча чечим кабыл алат. "Депутат Узарбек Жылкыбаев тиешелүү расмий тизме менен депутаттардан кол топтоп чыгат. Ким макул болсо, Мурадиллаевге жардам катары бир күндүк эмгек акысын бөлүп бермекчи. Мындай ыкманы дайыма колдонуп келгенбиз", - деди Турсунбеков.
Жогорку Кеӊештин депутаттарынын эң төмөнкү бир күндүк эмгек акысы болжол менен 1000 сом экени белгилүү.
Айта кетсек, дарыгерлер Азиз Мурадиллаевге 4-даражадагы боордун циррозу жана жугуштуу С гепатити менен ооруйт деген диагноз коюшкан. 6-октябрда операция жасатуу үчүн актёрго банктан эсеп ачылган. Ал эми 25-октябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында учурда ооруп жаткан актёр Азиз Мурадиллаевди колдоо максатындагы кайрымдуулук акциясынын алкагында концерт жана марафон өтөт.