Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы экс-элчиси Кылычбек Султанов 10 жыл мурун сатып жиберген мүлкү боюнча тийиштүү кызматтардан кат алганын маалымдады. Султанов 13-октябрда социалдык тармактагы жеке баракчасына буларды жазды:
"10 жыл мурда сатылып кеткен Гольф-2 машинамды декларацияга киргизбептир деп тиешелүү кызматтар таап чыгышыптыр. Мамлекеттик кызматкер катары 2012, 2013, 2014-жылдары деле ал машинаны декларацияма кошкон эмесмин, илгери-илгери эле сатып жибергениме байланыштуу. 12-октябрда кат келиптир, кылмыш иши козголушу мүмкүн деген мааниде. Азыр таап чыгышканынан улам "чукумай" кезеги мага жеткен го деп ойлоп койдум".
Экс-элчи тийиштүү кызматтын суроо-талабына жооп кылып 2015-жылкы декларациясы жөнүндө түшүндүрмө берген. Анда 2003-жылы чыгарылган Мицубиси Паджеро автоунаасын 2014-жылы башкы ишеним кагазы менен 10 миң долларга сатканын, бул маалыматты 2014-жылы тапшырган декларациясында көрсөткөнүн айтат. Ал эми 1990-жылы чыгарылган Фольксваген Гольф унаасын 2004-жылга жакын сатып алып, кайра 2005-жылга жакын башкы ишеним кагазы менен саткан. Буга байланыштуу аталган автоунааны 2012, 2013, 2014 жана 2015-жылдары деле тапшырган декларацияларында көрсөтүлбөгөнүнө карабастан, ушул жылкы декларацияда көңүл бурулганына таң калганын билдирет.
Декларациясында көрсөткөн мүлктөрүнөн башка карамагында мүлкү жок экенин жазган Султанов.