Москвада акын Алыкул Осмоновдун 98 жылдыгы белгиленди

14-апрелде КРнын Орусиядагы элчилигинде акын жана котормочу Алыкул Осмоновдун 98 жылдыгына карата адабий-музыкалык кече болуп өттү. Элчилик уюштурган бул иш-чарага Орусиянын Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, “Менин Алыкулум” китебинин автору Михаил Синельников, КРнын Эмгек сиңирген артисти Акылбек Мураталиев, КРнын Жазуучулар союзунун мүчөлөрү жана “Москва кайрыктары”, “Аруужан” клубдарынын жаш акындары жана башкалар болуп 70тей адам катышты. Кечени КРнын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов ачып, анда акындын котормо эмгектери, таланты, жеке жашоосу тууралуу сөздөр айтылды. Ошондой эле акындын калемине таандык ырлар окулуп, анын ырларына жаралган обондуу чыграмалар аткарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан