Сайкал Садыбакасованын “Ыйлатпачы” аттуу ыры жарыкка чыкты. Ырдын сөзү-обону Гүлжигит Сатыбековго таандык. “Ырдын тексти кайгылуу мазмунду камтыйт. Бирок ошол эле убакта сүйүүнү даңазалаган ыр. Ал эми мени колдогон көрүүчү, угуучуларыма айтарым, бул ыр менин жеке жашоомо байланыштуу эмес. Буюрса, жакын арада клиби да чыгып калат”,- дейт Сайкал.