Өкмөт 2017-2027-жылдары үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программа даярдады. Маалыматты 19-октябрда өкмөттөн кабарлашты.
Программанын максаты - Кыргыз Республикасында үй-бүлө институтунун өнүгүшүнө шарт түзүү жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө катталган дээрлик ар бир алтынчы нике ажырашуу менен аяктайт. Эксперттер ажырашуунун, үй-бүлөнүн жана никенин бузулуп жатканынын негизги себеби эмгек миграциясы экенин айтышат. Өлкөдө 18 жашка чейин эрте эне болуу көрсөткүчү өсүүдө.
Программанын алкагында ата-энелик көндүмгө үйрөтүү системи жана жашоо шарты оор жарандардын укуктук негизде үй-бүлөсүн жана балдарын коргоо боюнча атайын окуулар пландалууда. Мындан сырткары өлкөдөгү улгайган жарандарды колдоо боюнча мамлекеттик саясатты өркүндөтүү маселеси да талкууланды. Учурда өлкөдө 400 миңден ашык улгайган адамдар жашайт. Алар жалпы калктын 8 пайызын түзөт.