Ош шаарынын жашоочулары маршруттук каттамдардын айдоочуларына нааразы. Муну алар 19-октябрда шаар башчысы менен жолугушууда айтышты. Мэриянын маалыматына таянсак, шаар тургундары 143-маршруттук каттамдын айдоочулары мектеп окуучуларынан 1 сом эмес, 10 сомдон талап кылып жатышканын, 109-каттам эрте токтоп Студенттик шаарчада жашагандарга ыңгайсыздык жаратып жатканын билдиришти.
Окуучулардан 10 сомдон талап кылган айдоочуну иштен бошотуп, каттамдын башчысына эскертүү берүү тапшырмасы берилгени кабарланды. "Окуучулар 1 сомдон төлөйт деген макулдашуулар бар", - дейт мэрия.