Ырчы Темир Назаров менен Оштун вице-мэри Нурбек Кадыров жакалашкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык мэриядагы өздүк булактар билдиришти. Маалым болгондой, ырчы менен вице-мэр айтышып, жакалашып кетишкен.
Айта кетсек, бул окуя 24-октябрда шаардагы кафелердин биринде болгон.
Темир Назаров 1986-жылы 28-августта Ош облусунда туулган. Ырчы "Туулган жер", "Энекем" жана башка ырлары менен таанымал. “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2005-жылдын мыкты ырчы мырзасы” наамын алган.
Нурбек Кадыров 1984-жылы 27-июлда Ош шаарында туулган. Ал Оштун вице-мэри кызматына 2016-жылдын июнь айында дайындалган. Мындан тышкары Кадыров Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын улук кеңешчиси экени белгилүү.