30-октябрь күнү Москва шаарына бараткан автобус кырсыкка учурап, 20 адам жабыркады. Бул тууралуу жабырлануучу Нуркыз Назаркулова SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыкка кабылгандардын арасында 5 адам оор абалда Казакстандагы ооруканага жеткирилген.
"Москвага баратканбыз. Унаада 20 адам бар эле. Баары Кыргыз Республикасынын жарандары. Казакстандын талаасында кырсык болуп, автобус оодарылып кетти. Арасынан бирөөнүн колу сынды. Ден соолугубуз жакшы эмес. Акчабыз жок, кыйын абалда калдык. Кыргыз бийлигинен жана коомчулуктан жардам сурайбыз. Биз ооруканадан чыгып, башка унаа менен Москвага кеттик. Азыр жолдобуз. Бизге Москвадан медициналык жана материалдык жардам керек", - деп билдирди жабырлануучу Нуркыз Назаркулова.