Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-октябрда Бишкекте милиция кызматкерлерине курулган көп кабаттуу үйдүн ачылышына катышты. Президент салтанатка катышкан милиция кызматкерлеринин жубайларына кайрылуу жасады.
"Жолдошторуңарга жакшылап көз салгыла, үйүнө келгенде сүйүнүп келсин. Үйүндө жакшы чай менен күлүп тосуп отурсаңар үйгө чуркап келет. Ырылдап турсаңар башка жакка качат. Күнгө окшоп жаркылдап тосуп тургула, чайды аябай, беркисин айтпай эле коёюн эми", - деди Атамбаев.
Президенттин сөзү салтанатка катышкандарды күлкүгө бөлөдү.