Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17,3 миллиард метр кубдан ашты

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 17 миллиард 342 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 287 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 380 метр кубга жетүүдө. Былтыр бул маалда Токтогул суу сактагычында 12 миллиард 940 миллион метр кубдан ашык суу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bolunbo.kyrgyz
2016-11-02 16:12:49
Жакшы быйыл жасалма жарыктан кыйналбайт го кыргыз элим кудай каласа
-2
UlukmanKalyev
2016-11-02 16:15:06
Bolunbo.kyrgyz, биздикилер ошодон дагы сатып элди кыйнай берет светтен.
+3
Rifle_I
2016-11-02 16:54:30
Импорттолгон электр жарыгынын акчасын төлөп жатканыбызды унутпагыла. Казакстандан электр жарыгын сатып алгандагы баа дагы эле ошол боюнча калды. Бирок электр жарыгы Казакстандан алынбайт азыр.
-1
Tansuluu09
2016-11-02 16:20:19
Канча куб болгондо толот, Токтогул суу сактагычы.
+1
Mrbektur
2016-11-02 16:32:47
Tansuluu09,он тогуз болгондо
0
Damirbek-KG
2016-11-02 16:33:58
19 млрд кубка чейин суу топтолот суу сактагычка
0
tashi62
2016-11-02 17:11:59
Биз алданып жүрөбүз азыр кымбат төлөп . Казакстандан албай калганбыз . Ойлонгула кыргыз элим.
0
nurik903
2016-11-03 10:37:36
саткыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан