super.kg logo

Сууга бай Кыргыз өлкөсүндө тургундары кир суу ичип, оорунун очогуна айланчу айыл тууралуу кабарлаган окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" октябрь айынын жеңүүчүсү болду

 

Кыргыз өлкөсү дүйнөдө сууга бай жерлердин бири болсо, Борбор Азия боюнча өзүнүн аймагында таза суу ресурстарына ээ болгон жалгыз өлкө. Республика боюнча 3500дөн ашуун дарыя, өзөндөр бар. Алардын көпчүлүгү коңшу өлкөлөргө агып чыгат. Ал эми сырттан бир дагы суу агып кирбейт. Өлкөнүн аймагынын 4,1 пайызын муз ээлейт. Тилекке каршы, мындай көрсөткүчтөргө ээ болгон өлкөбүздүн айрым аймактарында суунун жоктугу жашоочуларды оор түйшүккө салат. Өзгөчө борбор калаадан алыс жайгашкан айыл тургундарынын маселелери жогору жакка оңой менен жетпегени абалды курчутат.

Ала-Бука районундагы 1-Май айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Шаар айылындагы суу көйгөйү тургундар арасында сарык оорусун жайылтып жатканын SUPER.KG порталына кабарлаган Айнура Субанкулова "Элдик кабар" рубрикасынын октябрь айынын жеңүүчүсү деп табылды.

- Саламатсызбы, Айнура! Сиз октябрь айынын жеңүүчүсү болдуңуз, куттуктайбыз!

- Саламатчылык, рахмат! Кабарды жеңүүчү болуу максатында жиберген эмесмин. Өзүңөр билгендей, биздин айылда таза суу чыкпайт. Эч ким көңүл бурбайт. Силерге бул көйгөй чыкса, чоңдор ойгонуп, суу чыгарууга аракет кылышар деп жибергем.

- Айнура, Жаңы-Шаар айылында канчадан бери суу чыкпайт?

- Мен кичинекей кезден бери эле чыкпай калган. Алгач суу Орто-Токой суу сактагычынан канал менен келчү, кенен колдончубуз. Кийин эле келбей калды. Анын кесепети тийип жатат. Айылда оору көбөйдү. Учурда суу канал менен бир айда 10 күн келсе, 20 күн келбейт. Эл аргасыздан каналда туруп калган сууну ичет, ошол эле каналдан мал да ичет, кечет. Анан кантип оору көбөйбөйт? 15 жылдай болуп калды, бул маселе чечилбейт.

- 15 жылдан бери суу маселесин бир да адам чечүүгө аракет кылган жокпу?

- Суу чыгарабыз деп элден акча чогултуп калышчу. Анысын деле берчүбүз, бирок ошол бойдон эле жоголчу.

Жаңы-Шаардын тургундары ушундай сууну ичишет- Өзүңүз Жаңы-Шаарда турасызбы?

- Ооба, бирок суунун көйгөйүнөн улам ал жакта тура албайм. Балдарым бар, алар менен кыйналам. Суусуз жашоо оор, андыктан Бишкекке көчүп келүүнү ойлонуштуруп жатабыз. Азыр жарым ай айылда, жарым ай Бишкекте болуп жүрөбүз.

- Ал айылда жакындарыңыз турабы? Алар үчүн сарсанаа болсоңуз керек?

- Ооба, ата-энем, бир туугандарым. Албетте, таза суу ичип жатышты болду бекен, качан суу келип калат, ооруп калышпаса экен деп ойлоном. Колумдан келсе, аларды да суусу бар жерге көчүрүп кетмекмин.

- Кыргыз өлкөсү сууга бай деп айтылат. Анда, сиздин оюңузча, бул көйгөй эмнеден чыгып жатат?

- Ооба, бай болсо болгондур. Мен бул көйгөйдүн жаралышына бийлик күнөөлүү дейм, себеби колдо бар сууну туура, натыйжалуу колдоно алышпайт. Мурун Орто-Токой суу сактагычында суу толуп турчу, сатып жатышабы же эмне кылып жатышат билбейм, эми деги эле толбойт. Таза суудан үмүт болбой калды. Ал жакта жашаганга кыйын болуп жатат. Акыркы жолу 10 күнгө бардым, чыдай алган жокмун.

- Айыл өкмөтү учурда айылга таза суу жеткирүү үчүн долбоор баштап жатканын айтты...

- Ал долбоор бир нече жыл мурун эле бар болчу. Чыгарабыз деп эле айтып келишет, ишке ашпайт.

- Маегиңизге рахмат, белегиңиз кут болсун!

"ЭЛДИК КАБАР" өлкөнүн жарандары менен бийлик бутактарынын ортосунда көпүрөлүк кызматты аткарып, бир топ көйгөйдүн чечилишине салымын кошту. Окурмандардын саны улам артып, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: бийлик органдарынын шалаакылыгы, адам өмүрүнө коркунуч жараткан имараттар жана кулаганы калган дарактар, бузулган жолдор, шаардын жарыксыз көчөлөрү тууралуу маалыматтарын окурмандар биз менен бөлүшүү үстүндө. SUPER.KG порталы алардын көйгөйүн жана жакшы жаңылыктарын чагылдырууну мындан ары да уланта бермекчи.

2016-жылдын жеңүүчүлөрү:

2016-жыл, январь - Бектур Эшимбетов (Бишкек шаары).
2016-жыл, февраль - Жыргалбек Шерматов (Баткен облусу, Кадамжай району).
2016-жыл, март - Кубат уулу Азим (Бишкек шаары).
2016-жыл, апрель - Роза Кадыркулова (Бишкек шаары).
2016-жыл, май - Астра Токталиева (Бишкек шаары).
2016-жыл, июнь - Калыгул Бейшекеев (Бишкек шаары).
2016-жыл, июль - Айтмат Абдуллаев (Ош шаары).
2016-жыл, август - Кубан Сейдилда уулу (Нарын облусу, Ат-Башы району).
2016-жыл, сентябрь - Каныбек Маткалыков (Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары).


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
03.11.2016. 10:21 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
434
Катталган:
23-11-2015
Соӊку аракети:
13-12-2016 20:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суллу кыз экен! Куттуктайбыз.
03.11.2016. 10:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
420
Катталган:
06-03-2016
Соӊку аракети:
06-04-2018 22:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгерде ушул проблема чечилгенде анан смартфон берсе болмок...Мындан да жакшы кабарларды жонотуп жатыштыго... Эмнеси болсо да белек кут болсун)Айтмакчы ооба сулуу эже экен)
03.11.2016. 11:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
18-07-2013
Соӊку аракети:
30-07-2018 13:04
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куттуктайм! Чынында койгойлуу маселе.
03.11.2016. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
171
Катталган:
31-05-2015
Соӊку аракети:
01-09-2017 11:40
Жынысы:
Белгисиз
+1
баракелде! Смартфон менен таза суу келбейт бирок кабарланат.Таза суу менен камсыз кылууну колго алуу керек.Супер кж бул теманы колго алып,изилдениздер.Рахмат
03.11.2016. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
730
Катталган:
10-04-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 05:47
Жынысы:
Белгисиз
+1
Актуалдуу койгойду которуптур, кана эми район акими менен 1-майдын активдиери уялганынан таза суу чыгарабыз деп билектерин туро шымалана ишке киришсе...

Откон айда мындан сырткары Мурдашта уурдалган эшек койгойу (аким бекитип багып жаткан) менен Ысык-Атада агын сууга жергиликтуу томат иштеткен завод ондуруш саркындыларын тогуп жатканы кабарланган. Ошол заводго чара корулдубу, уурдалган эшектер боюнча кылмыш иши козголуп уурдалган эшектер кожоюндарына кайтарылдыбы жокпу, маалымат жок
03.11.2016. 11:17 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
660
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
25-09-2018 07:38
Жынысы:
Белгисиз
03.11.2016. 14:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
730
Катталган:
10-04-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 05:47
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_portal, мен ал макаланы окуганмын, бирок ал жерде Мурдаш айылында багылып жаткан эшектер тууралуу соз жок. Ал тууралуу маалымат жарыялангандан кийин кабар тапкан укук коргоо органдары т.а. участковый милиция, прокуратурадан барып текшерип ал эшектер кайдан келген, кимге караштуу, кимден сатып алган, сатып алса далилдей алабы же уурдалган эшектерби, ушулар тууралуу иш алып барган бироо-жарым табылдыбы же аким ж.б. "крышовать" этип, Кытайга откоруп жибердиби тнкшертпей?..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114638;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: