Тажикстанда улут лидерине акарат келтиргендер жазага тартылышат. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Тажикстан өкмөтү улут лидерине коомчулук алдында акарат келтиргендерди жазалоо боюнча токтомду жактырды. Өлкө президентин эл алдында мазактагандар жана ага жалган жалаа жапкандар 5 жылга эркинен ажыратылат.
Мындан сырткары интернеттеги социалдык түйүндөр жана башка массалык маалымат каражаттары аркылуу өлкө башчысынын аброюна шек келтиргендер да жазага тартылмакчы. Токтом парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.
Маалым болгондой, өткөн жумада өлкө президенти Эмомали Рахмон эгемендүү Тажикстандын негиздөөчүсү катары жарыяланган.