18-апрелде Катардын Доха шаарында "Аль Жазира" аттуу даректүү тасмалардын 9-эл аралык фестивалы башталды. Ага Кыргызстандын атынан Адилет Каржоевдин "Сары-Ой" аттуу кыска метраждуу тасмасы катышууда. 18 мүнөттүк аталган тасма тоодо жашаган мүнүшкөр жана анын үй-бүлөсүнүн жашоо-турмушун чыгылдырат. Айта кетсек, фестивалга 33 өлкөдөн 464 кыска метраждуу, 414 орто жана 295 толук метраждуу даректүү тасма катышып жатат. Иш-чара 21-апрелде соңуна чыгат. Ал эми өткөн жылы бул фестивалдын “Эң мыкты кыска метраждуу даректүү тасма” наамын кыргыз режиссёрлору Артыкбай Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакуновдун “Көч” тасмасы жеңип алган.