Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда өкмөттүн жаңы курамы боюнча маалымат берилди. Ага ылайык, өкмөттүн жаңы курамы төмөнкүдөй болмокчу:
– премьер-министр – Сооронбай Жээнбеков (КСДП)
– биринчи вице-премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев (КСДПнын квотасы)
– экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратов (КСДП)
– чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков (КСДП)
– социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова (“Кыргызстан”, буга чейин Гүлмира Кудайбердиева болгон)
– билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (“Кыргызстан”, буга чейин Эльвира Сариева болгон)
– эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова (“Кыргызстан”, буга чейин Кудайберген Базарбаев болгон)
– өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Акылбек Осмоналиев (КСДП)
– тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (КСДП)
– маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков (КСДП)
– транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов (КСДП, буга чейин Замир Айдаров болгон)
– ички иштер министри – Улан Исраилов (КСДП, буга чейин Кашкар Жунушалиев болгон)
– юстиция министри – Уран Ахметов (КСДП, буга чейин Жылдыз Мамбеталиева болгон)
– каржы министри – Адылбек Касымалиев (КСДП)
– экономика министри – Арзыбек Кожошев ("Кыргызстан")
– өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов (КСДП)
– саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиев (КСДП)
– айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри - Нурбек Мурашев (“Бир бол”, буга чейин Турдуназир Бекбоев болгон)
Эскерте кетсек, 24-октябрда парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн КСДП фракциясы чыгып, артынан өкмөт отставкага кеткен. 4-ноябрда жаңы коалиция түзүлүп, ага КСДП, "Бир бол" жана "Кыргызстан" фракциялары кирген. Бул коалиция премьер-министр кызматына Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштаган.