Күчтүү өлкө билим менен курулат

Өткөн кылымдын ортосунда экономикасы кыйраган Япония учурда өнүккөн өлкө. Ийгиликке кыска убакыт ичинде кантип жетишкен? Баары бүттү деген кыйын кезеңде бийлик мамлекеттин эсебинен жаштарды массалык түрдө чет өлкөлөргө окууга жөнөтүп, алган адистиги боюнча тажрыйба топтоого шарт түзгөн. Жыйынтыгы - дүйнө эли суктанган бүгүнкү Япония...

Билимсиз, тажрыйбасыз адам жашоосунда жол таба албас. Жаштардын көбү короосундагы акыркы малын сатса да бир кесиптин ээси болууга тырышат. Акылы Айга жеткен, бирок чөнтөгү жыртык балдар-кыздар да арбын. Алар кайда барышат? Жакшы жумуш табайын десе билим жок. Албетте, жумушсуздар армиясынын катарын толуктап, айылдагы өп-чап күнүмдүк турмушу менен же бакыт издеп чет жакка кетишет... Алардын баарын окутуп, иш менен камсыздоого учурда өкмөтүбүздүн чама-чаркы чак келбейт.

Ошентсе да айрым компаниялар зирек өспүрүмдөрдү мектеп партасынан байкап, окутуп-өстүрүп алышат. Кыргызстан жаштарынын келечегине кам көрүүдө каражат аябагандардын көрүнүктүүсү “Кумтөр”. Өлкөнүн эң ири иш орун менен камсыздоочу менчик ишканасы 2015-жыл боюнча отчётунда 11 мектеп бүтүрүүчүнүн бекер билим алуусуна шарт түзгөнүн билдирет. Билимдүү жаштардын билимине инвестициялоону компания 2000-жылы “Аймактык стипендия” программасын түптөө менен баштаган. Анын алкагында жыл сайын көл кылаасындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө сынак жарыяланат. Жолдомону уткан жеңүүчүлөр Бишкектеги автомеханиктерди даярдоочу №27-лицей менен кондитер, наабайчы кесибине окуткан №91-лицейден бекер билим алышат. Алардын үч жылдык окуусуна, жатаканасына жана тамак-ашына кеткен чыгымы кен ишканасынын эсебинен каржыланат. Ушул тапта “Кумтөрдүн” канаты алдында жалпы 32 студент болсо, программа аркылуу билим алгандардын саны жүздөн ашкан.

Жаштары билимдүү өлкөнүн келечеги кең экенин жакшы түшүнгөн канадалык компания мындан сырткары ысык-көлдүк жаш ишкерлердин идеяларына гранттарды бөлүп, аларга бизнес-тренингдерди уюштуруп келет. Отчётто маалымдалгандай, былтыр жалпы байге фонду 150 миң долларды түзгөн “Жаштар ишкерчилиги” сынагы өткөрүлгөн. Анда жеңүүчү аталган 19 мыкты идея ээлери байге фонддогу каражатты ич ара бөлүшүп, бизнестерин башташкан. Учурда алардын баары ийгиликтүү иштеп, ар бири эң аз дегенде тең жаңы жумуш орундарын түзүүгө жетишти.

Жаштардан сырткары айыл чарбадагы жаңы ыкмаларга жана бизнес жүргүзүү боюнча жүздөгөн адамдар “Карагат+” долбоорунун алкагында окутулганын кыстыра кетсек.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mirzohidjon
2016-11-08 22:18:13
Ушу Кумтор деген кишини эле президент кылып алат окшойбуз.
+1
abusait
2016-11-09 06:26:27
Балык башынан сасып жатса каяктан олко онугот? Коррупциянын каш башына чейин жеткен билим беруу системи качан токтотулат.?!
+1
nurbek1995
2016-11-09 08:47:34
Бийликке акчадан көп көп берген окшойт үндөрү чыкпай калдыго 3. 4 ай мурун кыйкырып жатышты эле кызык канча сомдон берди экен
0
cico
2016-11-09 08:49:02
Кумтор кыргызстанга коптогон зыян алып келип жатат. Кыргызстанды алдап миллиардтаган долларларды кыргызстандан алып чыгып кетип жатат анан ошонун бир эки пайызын кээбир иш чараларга спонсор болуп, газета сайттарга акча берип койсо алардагы кыргызстанга душмандык кылып жазып коёберет. Анан Мирзохиджонга окшогондор айызбердин устуну эле коруп мактай берет президент кылып койсок деп айызбергдин астыны корбой эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан