Арабызда турмуштун жакшы күндөрүн да, оор күндөрүн да кечирип келген түрдүү тагдырдагы адамдар бар. Биринин жашоосу жеңил болсо, бириники кыйын болуп, ар кандай тоскоолдуктарга туш болушат. Турмуштун түрдүү соккусуна кабылып, жашоосу канчалык оор болсо да, мындай жашоосуна күнөөлүү адамды издебей, жакшылыктан үмүттөнүп, 5 баласын жалгыз тарбиялап келе жаткан Нурзат Жанузакова менен маектештик.
Нарындан келген Нурзат Жанузакова учурда 40 жашта. 1998-жылы Улуттук университеттин физика факультетин аяктап, турмушка чыккан. Каарманыбыздын үйүнүн босогосун аттаганыбызда жайылып турган жаш балдардын кийимдерине көзүбүз түштү. Сыртта кандай суук болсо, үйгө киргенде ошондой эле суукту сезүүгө болот.
"Турмуш курганда Нарында жашадык. Кийин борборго келдик, ошондон бери Ак-Өргөө конушунда жашайм. Ай көчөсүндө турганыма 7 жыл болду. 2 жыл мурун жолдошум 5 балам менен таштап, башка үй-бүлө куруп кеткен. Балдарым тирүүлөй жетим болушту, алар бул окуяны билишпейт. Атасын сагынып мага көргөзбөй ыйлашат", - деп каарманыбыз сөзүн баштады.
Жанузакованын 2 уулу, 3 кызы бар, кыздардын экөө эгиздер. 5 жакшынакай, дени-карды соо балдарды кандай ата кор кылып таштап кетет?
“2 уулум, 1 кызым мектепте окуйт. Эгиз балдарымды бала бакчага айыл өкмөтү жайгаштырып берди. Батирлеп жүрүп тажадым. Акыны төлөй турган убак келгенде батирдин акчасын бере албагандыктан кууп чыгышат. Айыл өкмөтүнө батир маселеси боюнча кайрылгам. 4-5 жылдан бери селсаяктар жашаган үй бар экен, алар бизди ошого киргизишкен. Жайында жылуу болуп билинген эмес, суук түшкөндө үй муздак болуп, балдарым улам-улам ооруп жатышат", - дейт эне.
Жанузакова таштап кеткен күйөөсүн үйдү жылуулап бер деп чакырган, бирок ал басып келген эмес.
"Үйдү бир аз жылуулаганга жардам бер деп балдарымдын атасын чакырсам келбей койду. 4 балам мектептен сарык оорусун жуктуруп, ооруканадан жаңы эле чыгышты. Айыл өкмөттөн маалым кат алып, ооруканада бекер дарыландык. Эми 15 күндөй балдар үйдө болушат”, - дейт Нурзат Жанузакова.
Балдары сарык болуп ооруганда, коңшулары "оору жугат" деп суу алган жерге аны жолотпогонго аракет кылышканын көзүнөн жаш айлантып айтып берди.
“Өзүм кургак учук болгом, эки бөйрөгүм да ооруп дарыланып турам. Мурун тигүү цехинде иштечүмүн. Балдарым ооруп калганда, аларды караганга киши жок, ал жакта дагы иштей албай калдым. Үйдө кийим тигүүчү машина бар. Балдар уктаган кезде, кечкисин тапшырык алып тигем. Кээде бирөөлөрдүн кирин жууп, үйүн жыйнап күнүнө 200-300 сом таап, балдардын жол киресине, тамагына жеткирем", - деген Жанузакова "кыштан аман-эсен чыгып алсак” деп үмүттөнөт. Балдары ачка, үшүп отурса, жардам сурагандан уялбай калганын кошумчалады.
“Элден жардам сурагандан мурун намыстанчумун. Балдар үшүп, ачка отурса уялып отурмак белем? Тамак- аш, кийим-кече, көмүр жана батирди жылуулаганга каражат керек. Жолдошумдан да, анын туугандарынан да жардам жок. Ата-энем улгайган адамдар, өздөрү пенсия менен жашашат. Туугандарым жардам берип келишкен, бирок алардын да үй-бүлөсү бар дегендей. Кайра-кайра жардам бергенге мүмкүнчүлүктөрү жок”, - дейт каарманыбыз.
"Балким, айылга барып жашаса, жашоо бир аз жеңилирээк болот беле?" деп суроо узатканыбызда, айылда да жашаганын, ал жакта деле жашоо оңой эмес экенин айтты.
"Айылга барып деле 3 жыл жашап көрдүм. Жалгыз бой болсом бир жөн эле, 5 бала менен батыш кыйын экен. Ар бир баланын өз ырыскы бар. Балдарым чоңоюп калса, бул күндөр билинбей калат. Эгиздеримдин бири "апа, мен чоңойгондо шакек сатып берем" десе, бири "машина алып берем" деп кубантып калышат. Ушулар менин ырысым. "Жаштын тилегин берет" дейт эмеспи. Аман-эсен чоңоюп, бой тиреп алышса, оорумду колдон, жеңилимди жерден алган эр-азаматтар болушат. Ушундай жашоого туш болуп калганга деле эч кимди күнөөлөбөйм. Бирөөгө наалат айтканда эмне чыгат?"
Жалгыз бой эне Нурзат Жанузакова элге ыраазы экенин айтат: "Жардам сурап чоңдорго, акчалууларга кайрылып да көргөм. "Сенин 5 балаңды мен төрөттүм беле?" деген кептерди уккан күндөр болду. Андан көрө менин турмуш шартымды көрүп турган карапайым эл көп жардам берди, берип да келе жатат".
Каарманым макаланы окуп, жардам берем дегендер болсо, жардамдын бардык түрүн кабыл аларын билдирди.