ЖЫЛНААМА, 11-НОЯБРЬ: 1951-жылы укмуш эске тутуу жөндөмүнө ээ Ким Пик төрөлгөн

Укмуш эске тутуу жөндөмүнө ээ, Савант синдрому менен ооруган америкалык Ким Пик АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында төрөлгөн. Ал окуган маалыматынын 98 пайызын эсинде сактап калгандыктан, "Ким-пьютер" деген лакап атка ээ болгон. Ким Пик төрөлгөндөн 16 ай өткөн соң окуганды үйрөнүп, көп убактысын окуу менен өткөргөн. 3 жашында гезиттерди калтырбай окуп, 7 жашында Библияны жатка билген. Үйүндөгү китепканадагы китептерди окуп, аларга кайрадан кайрылбаш үчүн тетири каратып койчу экен.
Кимди ден соолугуна байланыштуу кадимки мектепке албай коюшкан. Ал эми 1950-1960-жылдары АКШда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын мектептер болгон эмес. Ошентип, Кимди окутууну атасы өз колуна алган. Ал 14 жашында мектеп программасын толук бүтүрүп, бирок ал жашаган штаттын Билим берүү башкармалыгы атайын сертификат берүүдөн баш тартып койгон. 1969-жылы 18 жашында Ким эсепчи болуп жумушка орношуп, бош убактысын китеп окуу менен өткөргөн. Ошол убакта жазуучу У.Шекспирдин дил баяндарынын жыйнагын окуп, эсине толугу менен сактап калган. Андан кийин ал дүйнөнүн жана Американын тарыхына, спорт, кино, география, космос, Библия, адабият жана классикалык музыкага кызыга баштайт. АКШнын эл аралык телефондук коддорун, почта индекстерин жатка билген жана Американын шаарларынын карталарын мээсинде сактап жүргөн. Эгер кимдир бирөө кайсы бир жакка баруунун жолун сураса, эч бир кыйынчылыксыз жардам берген. Андан тышкары Ким Пик классикалык музыкага кызыгып, жүздөгөн чыгармалар менен тааныш болгон. Алар жөнүндө бүт маалыматты жатка билип, ал кайсы жакта, ким тарабынан жазылып, биринчи жолу ким аткарганынан бери билген.
Ким Пик китеп окуунун өзгөчө техникасын ойлоп таап, китептин эки бетин окуганга 8-10 секунда гана сарптаган. Ал өмүрүнүн аягына чейин эсинде 12 миңге жакын китептин мазмунун сактаган. Бирок Кимдин баскан-турганы ден соолугуна байланыштуу кадимки адамдан башкача болгон. Ал 4 жашында гана баса баштаганы маалым. Жадакалса көйнөгүнүн топчуларын да топчулай алган эмес. Ким Пиктин жашы өткөн сайын анын ар кандай жөндөмдүүлүктөрү ачыла берген. 2002-жылы ал фортепианодо ойногонду үйрөнгөн.
1984-жылы Ким Пик Арлингтон шаарындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ассоциациясынан эл аралык конференцияга катышууга чакыруу алат. Ал жактан Барри Морроу аттуу жазуучу менен таанышып, узак убакытка баарлашып калат. 4 саатка созулган маектен соң таң калган жазуучу Кимдин атасынан аны элден катпоосун суранат. Бирок атасы уулунан шоу жасагысы келбегенин айтып, каршы чыккан. Кимдин жөндөмүнө таң калган жазуучу Барри Морроу "Жаандын адамы” ("Человек дождя") аттуу тасманын сценарийин жазууга киришкен. Ошентип, Ким Пик “Жаандын адамы” тасмасындагы Дастин Хоффман жараткан каармандын прототибине айланган. Бирок тасмадагы көпчүлүк эпизоддор чыныгы Кимдин жашоосуна дал келген эмес. 1996-жылы Кимдин атасы Фрэн Пик уулу жөнүндө “Чыныгы жаандын адамы: Ким Пик” ("Настоящий человек дождя: Ким Пик") аттуу китебин жазып чыккан.
Ким Пик жашоосунда үйлөнмөк тургай кыз да жандап баскан эмес. Феноменалдуу эске тутуу жөндөмүнө ээ Ким Пик 2009-жылы 19-декабрда 58 жаш курагында Солт-Лейк-Сити шаарындагы ооруканада жүрөк оорудан улам каза болгон.

11-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
saltanat.
2016-11-12 03:10:52
Кошмар.
-1
elmurat.kg
2016-11-12 21:20:28
кудайым бир жағынан бербеседа бир жағынан берет экен.биздеда бир көр бала бар жолдо Озу журо берет кантип корот билбейсин.кулагы укмуш угат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан