Ырчы, аранжировкачы Өктөм Сапар уулунун “Апакемди сагындым” аттуу ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Алтынбек Алымовго, обону аткаруучунун өзүнө таандык. “Ырдын аты эле айтып тургандай чыгарма менин апама арналып жазылган. Сагынычка, кусалыкка батканда, апамды эстеп алып ырдайм. Ал эми клибин болсо май айында, айлана-чөйрө көккө бөлөнгөн учурда тартабыз”,- дейт ырчы мырза.