super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-НОЯБРЬ: Эл аралык студенттер күнү

 

Эл аралык студенттердин күнү 1946-жылы 17-ноябрда Чехословакиянын борбору Прага шаарында өткөн Студенттердин дүйнөлүк конгрессинде майрам катары бекитилген. Эң алгачкы жолу 1939-жылдын 28-октябрында Чехословакияда студенттер менен жогорку окуу жайдын окутуучулары көчөгө чыгып демократияны, Чехославакиянын түптөлүшүн майрамдашмак болушкан. Бирок демонстрация баскынчылар тарабынан токтотулуп, андагы студенттер менен окутуучулар куулуп, жыйынтыгында медициналык факультеттин студенти Ян Оплеталга ок тийип, ал каза болгон. Яндын сөөгүн жерге беришкен соң, 15-ноябрь күнү жаштардын нааразычылыгы өсүп отуруп көтөрүлүшкө айланган. Ал эми 17-ноябрь күнү таң атпай гестапочулар менен эсэсчилер студенттердин жатаканасын курчоого алышып, 1200 студентти Заксенхаузендеги концлагерге камап, анын арасынан эң алдынкы 9 күнөөсүз студентти суроо-сопкуту жок эле өлүм жазасына тартышкан.

Ушундай жүрөктүн үшүн алган окуядан кийин Гитлердин буйругу боюнча Чехословакиядагы бардык жогорку окуу жайлар согуш бүткөнчө жабылган. Учурда Чехияда бул күн мамлекеттик майрам катары белгиленет. Ал эми башка мамлекеттерде, анын ичинде Кыргыз Республикасында бул күн расмий майрам болуп саналбаса да, 1990-жылдардан бери студенттер арасында ири майрам катары кабылданып, белгиленип келет.

17-ноябрга карата жылнаама.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.11.2016. 10:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
30-09-2015
Соӊку аракети:
26-06-2018 17:59
Жынысы:
Белгисиз
-1
менимче ушул майрам кереги жок анткени бул куну коп жаман окуялар болот. Диний жактан караганда да туура эмес жч кандай пайда жок. Жамандыктардын башаты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
156459;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: