Алмазбек Атамбаев: “Бизге Эсептөө палатасынын коррупциялангандыгы жөнүндө маалымат келип түшүүдө”

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованы кабыл алганын Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы Элмира Ибраимовадан өлкөнүн Эсептөө палатасынын иш ыкмасын жана стилин түп-тамырынан бери өзгөртүүнү күтөрүн белгиледи. “Бүгүнкү күндө  Эсептөө палатасы коррупцияга каршы күрөшкө толугу менен кошулган жери жок. Тилекке каршы, органдын өзүнүн коррупциялангандыгы жөнүндө бизге маалымат келип түшүүдө. Эсептөө палатасы мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча негизги мамлекеттик органдардын бири болуш керек. Анткени өлкөнүн бюджети менен иш алып барат. Андан тышкары мамлекеттик бюджеттин резервдерин табууда мамлекетке жардам берүүгө милдеттүү. Элибиз Эсептөө палатасы мамлекеттик казынадан уурдоого каршы күрѳш жүргүзгөн башкы органдардын бири экендигине ынанууга тийиш,- деди Алмазбек Атамбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан