Кытайда роботтун адамга кол салган алгачкы учуру катталды

Роботтордун адамга зыян келтирген алгачкы учуру Кытайдын Шэньчжэнь шаарында катталды (Гуандун провинциясы, Түштүк Кытай). Бул тууралуу "Сина" маалымат порталы жазып чыкты. Интернет колдонуучулары бул окуяны "балдарга арналган роботтун күтүүсүз акылынан айныганы машиналардын көтөрүлүшкө чыкканын билдирет" деп жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, окуя жогорку технологиялар чөйрөсүндө кызмат көрсөткөн 100дөн ашуун компаниянын товарлары коюлган көргөзмөдө болгон. Көргөзмөдөгү R2-D2 роботу кароосуз калып, белгисиз себептерден улам жанында турган буюмдарды талкалап баштаган. Аны токтотууга аракет кылган кызматкерге да тап берип, бутун басып кысып баштаган. "Козголоң чыгарган" роботтун салмагы эле адамдын бутуна олуттуу жаракат келтиргенге жараган. Себеби кызматкер өзү баса албагандыктан, "Тез жардам" кызматы чакырылып, замбилге салып көтөрүп чыгып кетишкен.
Роботту иштеп чыккандар эмне үчүн мындай болгонун түшүндүрүп бере алышкан эмес. Алардын билдиришинче, робот 4 жаштан 12 жашка чейинки жаш балдар менен ойноого, алардын көңүлүн көтөрүүгө ылайыкташтырылып жасалган болчу. Баасы 1400 долларга жакын.
Бул окуя интернетте кызуу талкууланып, "адамзатка каршы согушта робот башкы каарманга айланат" десе, башкалары "робот Кытайда жасалганына нааразы болгон" деген билдирүүлөрдү калтырышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nargis
2016-11-21 16:15:13
Мына сага!, жетишкендиктин жазасы ,ушундай болмок.
+3
ekaterinburg
2016-11-21 16:18:06
,,Терминатор.Восстания машин" деген мына ушул...
+2
Mers124
2016-11-21 16:19:21
Адамдар менен роботтордун согушу болушу мумкун.
+3
Tansuluu09
2016-11-21 16:20:03
Mers124, Тообо кинодогудай
+1
Rifle_I
2016-11-22 08:43:11
Исходный кодто катачылык кеткен окшойт да. Же вирус киргизип жиберишкенби ?
0
gugu2727
2016-11-21 16:23:42
Дистансионный управленияда бул эу
0
Nazikbaigazy
2016-11-21 17:00:27
Мына сага кызык ошол роборттун не кереги бар кытайдын эли кайнатго эли жетишпей жаткансып робортко балээ барбы, бир сайттан окуп калдымле коп эмес жылдардан кийин дуйно калкынын 70% ы жумушсуз калат жана роботтор ээлейт дешти эле биздин укум тукум не болот анда
+1
tynara81
2016-11-21 17:16:45
Ушул окуядан кийин балдарга арналган роботту көпчүлүк сатып албаса керек
0
jarkyn_jakta_jasha
2016-11-21 20:57:18
"Я робот" тасмасы эске тушту
0
Neizvestno777
2016-11-22 04:01:45
Терминатор чындыка айланат окшойт
0
Дарыгер
2016-11-22 06:02:07
Роботтор адамдардын согушу эч качан болбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан