ЭЛДИК ВИДЕО: "Урматтуу Конституция, эгер бизди көрүп жатсаң, кайрылып кел! Сени бүткүл Кыргыз өлкөсү күтүп жатат"

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "КВНчилердин атынан "Ысык жаңылыктар" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: MIRlan).

Видеодо тамашакөй жигиттер өлкөнүн Баш мыйзамы - Конституция жоголгонун тамаша аркылуу көрсөтүп беришет.

Айрыкча алардын "2010-жылы 27-июнда кабыл алынган Конституция белгисиз себептерден улам жоголгон бойдон дайынсыз. Өзгөчө белгилери: сырты кызыл, ичинде сүрөттөрү жок, мурдагы Конституцияларга окшош. Бирок өзгөчөлүгү - азыркы кызыктай кабыл алынган мыйзамдары жок. Урматтуу Конституция, эгер бизди көрүп жатсаң, кайрылып кел! Сени бүткүл Кыргыз өлкөсү күтүп жатат" дегени көрүүчүнү аргасыз жылмайтат.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
omka100514
2016-11-22 11:49:58
Сонун тартышыптырго, "баш катабыз бир түрмөнүн ичине" -деп
Чындыгында кайрылып кел Конституция биз баарыбыз сени аябай, аябай күтүп жатабыз! )))
+6
Tansuluu09
2016-11-22 12:06:25
УРМАТТуу Супер инфо ушул "не жанылык " телеберуусуну ушул жака алып бербейсинерби? Баарыбир "Жарайт сити" менен "тентектер тамашасынын" экинчи сезону чыкпайт окшойт
+1
keba300989
2016-11-22 12:58:18
Жакшы прикол экен
+1
PROS
2016-11-22 17:23:35
Сонун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан