super.kg logo

ТЕСТ: "Манас" эпосун окугансызбы?

 

"Манас" - кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу. Дүйнө жүзү боюнча эң көлөмдүү деп эсептелет. Манастын тарыхта болгон-болбогону боюнча так жооп жок. Бирок анда айтылган айрым окуялар, каармандардын сүрөттөлүшү тарыхтын барактары менен окшошуп кетет. Так жооп болуш үчүн сюжетин изилдеп чыгуу талап кылынат. Эпос көпчүлүктү өзүнүн бай, көркөмдүү, мифологиялык сюжети менен кызыктырат. Аны токтоно албай айткан манасчылар эл оозуна алынып, алардын өзгөчө касиети таң калтырып келет.

Кыргыз элинин улуттук баалуулугу болгон эпос тууралуу кыргыз атуулу катары тийиштүү деңгээлде билесизби? Текшерип көрүңүз.



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

“Манас” үчилтиги ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча тизмесине кайсы жылы кирди?

Кийинки суроо


2014
2012
2013

"Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, Бөлүнүп кыргыз калды деп, Бөлөк элге кеп кетет". Бул сөздү кайсы каарман айткан?

Кийинки суроо


Манас
Бакай
Каныкей

Жакып Манасты Ошпурдукунан алып кеткени барып, кайра жалгыз келгенинин себеби

Кийинки суроо


Манас тентек болгондуктан, Ошпурдукуна калтырып койгон
Жакыпты калмактардын бир нечесин өлтүрө чапкан Манас чочулатат
Жакып ага көрүнбөгөн 40 чилтен менен сүйлөшкөн Манастан качып кетет

Аба ырайын өзгөртө алган Aлмaмбeттин ата-теги?

Кийинки суроо


Кытай
Калмак
Казак

Манастын алгачкы эрдиги кайсы болгон?

Кийинки суроо


Чала кытай Нескараны жеңгени
Калмак балбаны Кочкуну 700 жигити менен кырып салганы
Кытай балбаны Күдөңдү жеңгени

Алмамбет казак элинен эмне үчүн кетет?

Кийинки суроо


Манас тууралуу угуп, анын чоросу болгусу келип
Коңурбай казак элин да чаппасын деп
Казактардын ханы Көкчөнүн аялы Акеркеч менен көңүлү жакын деген ушак чыгып

Чубакка катуу тийип, шагын сындырган окуя

Кийинки суроо


Алмамбет менен чалгынга бирге барбай калганы
Алмамбеттин Макел дөөнүн сүрүнөн, чоңдугунан чочуганы
Душмандын курчоосунда калып, тогуз күн жөө согушканы

Манастын кылычынын аталышы

Кийинки суроо


Аккелте
Зулпукор
Сырнайза

Манасты өлтүрүү максатында ким ууландырат?

Кийинки суроо


Жакын тууганы Үсөндүн балдары-Көзкамандар
Жакып
Коңурбай

Манас кайсы баатыр кыз менен жекеме-жеке сайышка түшүп, жеңилип кала жаздаган?

Кийинки суроо


Кыз Сайкал
Алтынай
Айганыш

Манасты душмандардын көзүнөн жазгыруу үчүн атын ким деп коюшкан?

Кийинки суроо


Чоң Жинди
Ошпур
Көбөш

Манастын жубайы - Каныкей, Семетейдики - Айчүрөк, ал эми Сейтектики ...

Кийинки суроо


Кыз Сайкал
Акбермет
Айнеке

Кайсы манасчынын вариантында орус баатыры Айламор (Илья Муромец) кездешет?

Кийинки суроо


Жусуп Мамайдыкында
Сагымбай Орозбаковдукунда
Багыш Сазановдукунда

Манастын чоролорун ким өлтүргөн?

Кийинки суроо


Сейтек
Семетей
Коңурбай

М.Ауэзов, Н.Бернштам сыяктуу изилдөөчүлөрдүн пикиринде "Манас" эпосунда кыргыздардын кайсы тарыхый мезгили чагылдырылган?

Кийинки суроо


9-10-кылымдардагы Орхон-Эне-Сай кыргыздарынын окуялары
1750-жылдагы кыргыз-казак согушу
Биздин заманга чейин 202-жылдардагы тарыхы

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
02.12.2016. 13:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
257
Катталган:
16-05-2016
Соӊку аракети:
25-02-2017 01:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай тести кундо киргизип тургулачы? Ээрте мн ачканда эле тестке жооп берели. Мисалы унутулуп кетип аткан создорду. Буюм идиш аякты. Мен 2-3 кундон бери колго суу куйганды эмне дейт эле чыныгы аталышы кандай деп озумо суроо берип журом. Чогунбу? Коробу? Деп
Keremet008 түзөттү 2016-12-02 13:17:37
02.12.2016. 17:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
887
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 10:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Keremet008,кумган дейт))
02.12.2016. 13:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
11-07-2016
Соӊку аракети:
06-05-2018 21:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да бул демилгени колдойм, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан кутомун.
02.12.2016. 13:09 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
28-03-2016
Соӊку аракети:
21-03-2017 16:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Мен озумду ото акылсыз деп эсептедим. 67 бал алдым. Манасты билбесем,озумду кантип кыргыз деп эсептейм. Уят уят.
ofiser26 түзөттү 2016-12-02 13:10:15
02.12.2016. 13:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
257
Катталган:
16-05-2016
Соӊку аракети:
25-02-2017 01:29
Жынысы:
Белгисиз
0
ofiser26,билебиз бирок варианттары уйкаш экен ушу болсо кк деп белгилеп жаттым. Мен да начар балл алдым
02.12.2016. 15:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
518
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
21-09-2018 08:39
Жынысы:
Белгисиз
0
ofiser26,сеники дагы жакшы экен меники 40 балл
02.12.2016. 13:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
257
Катталган:
16-05-2016
Соӊку аракети:
25-02-2017 01:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ киргизгиле а биздин сунушубузду?
02.12.2016. 13:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
28-05-2015
Соӊку аракети:
21-09-2018 11:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
70балл жакшы
02.12.2016. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
257
Катталган:
16-05-2016
Соӊку аракети:
25-02-2017 01:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Aman97kg,анда сен 3 алыпсын да...
02.12.2016. 15:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
313
Катталган:
10-09-2012
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыйынтыгына кошо ката жоопторду чыгарып койсонор жакшы болмок
02.12.2016. 15:25 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8170
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 11:36
Жынысы:
Белгисиз
0
BarsBaatyr, Жыйынтык чыккан соң, жооптордун туурасы жашыл түстө болот.
02.12.2016. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
23-05-2017 16:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
0
94 упай алдым. Сагымбайдын вариантындагы чоң китептин көп эле бөлүгүн окуп чыксам деле байкабапмын. Даңкара д.н атты деле уккам.
02.12.2016. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
23-05-2017 16:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
0
Болгону ошол жообум эле ката экен.)
02.12.2016. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
23-05-2017 16:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
0
Айламор д.нди айтып жатам...
02.12.2016. 17:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
19-04-2017 18:21
Жынысы:
Белгисиз
0
61 балл. Уят эле
03.12.2016. 00:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
09-05-2015
Соӊку аракети:
30-12-2016 08:09
Жынысы:
Белгисиз
0
67 жакшы еле го дейм
03.12.2016. 18:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
367
Катталган:
25-06-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 12:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
15 ин тен туура таптым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: