Кечээ, 3-декабрда Каракол шаарында диктор Мирзат Муканов менен акын Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзуура Иманалиеванын үлпөт тою өттү.
Эки жашты куттуктап Мукановдун кесиптештери жана ырчылар да келишкен. Алгач тойдун башталышында жаштарды "Достор" тобу "Жар-жар" ыры менен алып киришип, конокторго жүгүнтүштү. Той ар кандай кызыктуу оюндар, өзгөчө шоу-программалар менен коштолуп, экинчи бөлүгүндө баш кошкондордун бийи баарынын көңүлүн бурду.
"Тойго биз Айзууранын кыз узатуу кечесинен кийин эле даярдана баштаганбыз. Программалардын баарын Айзуура экөөбүз биргеликте түздүк. Элдин баары Караколдо мынчалык узак той болчу эмес эле деп айтып жатышат. Толкунданып жатып тойдун кантип аяктаганын деле билбей калыптырмын. Убакыттын кантип өткөнүн билбейм. Тойду уюштуруу жагын ата-энем, бир туугандарым моюндарына алышты. 3-декабрды тандап алганыбыздын себеби, менден улуу агам мындан туура 16 жыл мурда дал ушул күнү үйлөнгөн. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр агамдын 7 баласы бар, биз дагы ошонун жолун жолдоп 7 баланын ата-энеси болсок деп тилек кылып турабыз", - деди Муканов.
Той Айзуура Иманалиеванын гүл ыргытуусу жана түгөйлөрдүн түрк ырчысы Рафет Элромандын "Сени севиорум" аттуу чыгармасын биргеликте аткаруу менен жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек, Айзуура Иманалиева "Супер-Инфо" гезити уюштурган "Супер сулуу-2013" сынагында "Сымбаттуу сулуу" наамын жеңип алган.