Ташчайнар "Украина - менин таланттарым" сынагында финалга өтпөй калды
Ташчайнар лакап аты менен таанымал балбан Нурлан Алишеров “Украина - менин таланттарым” сынагынын финалына өтпөй калды. Айта кетсек, 20-апрелде жарым финалдык жарышта Ташчайнар тиши менен ташты чайнап, темирди колу менен ийип, 84 килограммдык ташты тиши менен көтөргөн. Анын мындай өнөрүнө көрүүчүлөр аябай таң калышып, жарыштын соңунда "калыстар туура эмес баалашты" деп нааразы болушкан. "Сынактын жыйынтыгында мен 3-орунду ээледим. Бирок аябай жакшы даярданып барган болчумун. Менимче, калыстар калыс баалабай коюшту",- дейт Нурлан мырза. Айта кетсек, мелдештин финалына "DUO FLAME" дуэти өттү.