СССРдин Эл артисти, Москвадагы Түстүү сейил багындагы цирктин жетекчиси, актёр жана маскарапоз Юрий Никулин 1921-жылы 18-декабрда Орусиянын Смоленск губерниясындагы Демидово шаарчасында төрөлгөн. Атасы цирк үчүн эстрада скечтерин, клоунада, реприздерди жазган. Ал эми апасы Юлия ошол циркте ырларды окучу.
Никулиндер 1925-жылы Москвага көчүп келишкен. Юрий 5ке толгондо атасы аны циркке алып барып, кичинекей актёр циркти бир көргөндө эле жактырып калат. 1929-жылы 1-класска кирет. Өмүрүндөгү эң биринчи ролду "Огород" деген оюндагы Горошканын кейипкери болуп аткарат. Ошондо айта турган 3 сап ырды унутуп калып, амал менен кутулуп кетет. 15 жашынан баштап жалаң анекдотторду чогултуп, калың дептерине жаза берет.
Юрий Никулин 1939-жылдан 1946-жылга чейин аскерде, согушта болгон. Ал жактан да анекдот айтуу боюнча алдына киши салган эмес. Аскерден келип ВГИКке тапшырса, ал жердегилер "сенде анча-мынча чымын бар экен, бирок киного жарабайсың" деп коюшат. Анан ГИТИС менен Щепкин атындагы Театралдык окуу жайга кирет, бирок ал жакты да аяктабай туруп Ленин ордендүү Москва циркинин клоунада студиясына тапшырат. Никулин өзүн мактагандарга "цирк үчүн мен эч кандай залкар эмесмин, мени кино популярдуу кылды" деп айтчу дешет.
Орустун улуу артисти 1997-жылы 76 жаш курагында дүйнө салган. Дарыгерлер Никулиндин өмүрү үчүн 16 күн тынбай күрөшүп, 16 күн бою Орусия басылмалары анын ар бир күнүн жазып турушкан. Тилекке каршы, доктурлар айла таба алышкан эмес. Цирктин имаратындагы Никулин менен коштошууга Борис Ельцин да катышкан. Ю.В.Никулиндин сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлган.
18-декабрга карата жылнаама.