ЖКда Түлеевдин кармалышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусунун айрым пункттары гана кабыл алынды

Бүгүн ЖКнын депутаттары Нариман Түлеевдин кармалышын иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматын угуп, талкууга алышты. Соңунда токтомдун айрым пункттары гана кабыл алынды. Ага ылайык, Башкы прокуратуранын өкүлү Жаныбек Салиевге 2012-жылдын 21-июнунда депутат Нариман Түлеевди кармап, Башкы прокуратурага алып баруудагы мыйзам бузуулар боюнча жоопкерчилигин кароо жана 15-августта УКМКнын убактылуу кармоочу жайына мыйзамсыз 6 саатка кармаган жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо сунушу Башкы прокуратурага берилди. Ал эми токтомдун дагы бир пункту, 15-августтагы козголгон кылмыш иши боюнча ЖКнын депутаттарынын арызынын негизинде Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү Жогорку Сотко сунуштоо колдоо тапкан жок. Ошондой эле Баш прокуратурага сунушталган депутат Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш ишин объективдүү тергөө маселесин да жактырышпады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан