Кочкор районунун тургуну келе жаткан 2017-жылы 100гө чыгат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 29-декабрда билдирди.
"Апабыз Айымкан Байгаринова 1917-жылы туулган. Убагында согушка барбаса да, оорукта кызмат кылып, кыйынчылыктарды көргөн. Бул жашка келгендерден саналуу гана болсо керек. Айыл өкмөтү же райондук администрация Карылар күнүндө же башка майрамдарда куттукташпайт. Убакыт бөлүп, көңүлүн көтөрүп койсо жакшы болмок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.