Ушул жумада "Кыргызстан сулуусу-2013" сынагынын жеңүүчүсү, 21 жаштагы Жибек Нукеева социалдык тармактагы баракчасына рак оорусуна чалдыкканын жазып, жалпы калың кыргыз журтчулугунан жардам сурап, жаңы төрөлгөн баласы менен көп убакыт бирге болууну тилеп жатканын кошумчалаган:
"Жаңы жылдын өзүнчө сыйкырдуу күчү бар дешет. Балким, ушул Жаңы жыл менин да тилегимди ишке ашырат... Төрт ай мурда Иман аттуу уулдуу болгом. Тилекке каршы, кош бойлуу кезимде рак илдетине кабылганымды билдим. Ушул убакка чейинки дарылануулар жыйынтыгын берген жок. Азыр элдин жардамына муктаж болуп турган кезим. Бир гана тилегим бар - мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт уулумдун жанында болуу. Ушул максатым ишке ашат деп ишенем".
Кыска убакытта аны бөлүшкөндөр, жардам колун сунабыз дегендер да болуп, жадакалса чет элдик басылмалар да анын өтүнүчүн жазып чыгышкан.
Ал эми бүгүн, 30-декабрда Жибек Нукееванын эжеси Медина Нукеева жардам колун сунгандарга, элге ыраазычылыгын билдирип, сиңдисинин учурдагы абалы жана анын рак оорусуна кантип кабылганы тууралуу SUPER.KG`ге айтып берди.
- Сиңдим кош бойлуу кезинде бели ооруганынан ооруканага барса, дарыгерлер онкологиялык ооруканага жиберишти. Ал жактан анын сөөк рагына кабылганы аныкталып, дарыгерлер тез арада төрөтүү чечимин кабыл алышты. Операция жолу менен уул төрөп, атын Иман коюшту. Ошондон бери түрдүү химиялык дарылоо алды, тилекке каршы, оң жыйынтык берген жок. Түркияга да алып бардык, ал жактан да биздин дарыгерлер койгон диагнозду айтышты. Акыркы үмүтүбүз - Чехияда дарылоо. Ал жерде рак клеткаларын атом менен күйгүзөт экен. Ага 80 миң евро керек болуп жатат, андыктан элден жардам сурап кайрылдык.
- Жибек буга чейин ооруп жүрдү беле?
- Жок, абдан жакшы жүргөн, жадакалса сасык тумоо болуп да ооруган эмес. Ден соолугу абдан жакшы болчу. Кайдан мындай ооруга кабылганы түшүнүксүз. Дарыгерлер кош бойлуулук таасир этип, оору өрчүгөн деп айтып жатышат. Бирок алар да эмне себептен оору келип чыгарын так түшүндүрө алышкан жок.
- Кайын журту келининин оорусун кандай кабыл алды?
- Алар да колунан келген жардамын берип, азыр баласын карап жатышат.
- Жибек жакында эле социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасады. Учурда элден кандай жардам болуп жатат?
- Элден айланса болот. Эл мынчалык көңүл бурат, кайгыбызды тең бөлүшөт деп ойлогон эмеспиз. Мекендештерге абдан ыраазыбыз. Кыска убакытта бүгүнкү күндө 250 миң сомдой чогулду. Акырындап топтолуп жатат.
- Жибектин абалы кандай?
- Химия алганда кыйналып жатты. Азыр абалы жакшы. Кыргыз жеринде чоң суммадагы акчаны табыш кыйын экен. Андыктан премьер-министрге кат жаздык, президентке да кайрылуу жиберсекпи деп турабыз.
Жардам берүүнү каалагандар ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу 0559 18-23-83 номерине, Казакстандагы QIWI төлөө терминалдары аркылуу +996 559 18-23-83 жана дүйнөнүн ар кайсы жагынан VISA QIWI WALLET аркылуу +996 559 18-23-83 номерине акча каражатын которо алышат.