Борбордук "Ала-Тоо" аянтында Жаңы жылды 10 миңге жакын адам тосту (фото)

31-декабрда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык театрлаштырылган концерт саат 20:00дө башталып, ага 10 миңдей адам күбө болду. Шаар тургундарына жана конокторуна кыргыз эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулап, каалоо-тилектерин айтып жатышты. Андан тышкары элдик эс алуулар өткөрүлүп, Жаңы жылды тосууга келгендер бийиктиги 29 метр болгон балатынын жанында Аяз ата, Аяз кыз жана келе жаткан Тоок жылдын ээси менен сүрөткө түшүп жатышты.

Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу "Ала-Тоо" аянтындагы эс алуучулардын коопсуздугу өзгөчө көзөмөлгө алынды. Маалыматтарга таянсак, 1500дөй милиция кызматкери аянтты курчоого алып, ар бир келген конокту текшерип киргизип жатышты. Курчоого алынган аймакка алкоголдук ичимдиктер жана пиротехникалык заттар киргизилген жок.

Майрамдык программа аяктаган соң фейерверк аттырылды. Андан соң милиция кызматкерлери аянтты кайрадан элден бошотуп, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине өткөрүп беришти.

“Ала-Тоо” аянтында 10 миңдей тургун Жаңы жылды чогуу тосушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Revolyutsiya
2017-01-01 03:20:47
Урматтуу Кыргыз элим, жалпы Кыргызстандандыктар!!! Баарынарды кирип келген 2017-Жаны жылыныздар менен чын дилден куттуктайм. Буюрса алдыдагы жылыбыз берекелуу жылдардан болсун. Элибиздин курсагы ток, кийими бутун, ата-энелер наристелеринин кашында болуп ар бир уйдо тынчтык, ырыскы-ынтымак, бакыт болсун. Мигранттарыбыздын тилектери эртерээк орундалып Мекенине кайтышсын. Ушул жылы элдин тилеги кабыл болуп элди-жерди ойлогон ЭЛ УУЛУ эл башына келсин. Баарынарга ийгиликтуу жыл тилеймин..
+12
Sezy
2017-01-01 04:59:42
Сонун
0
Shirin_N88
2017-01-01 13:20:43
Жакшылыктын жылы болсун!Акыркы суротто аянтты мусор мн кооздоп коюшуптур го....
-1
Azita
2017-01-01 17:17:23
Бечара ырчылар ушунча жука кийинип алып ырдашыптыр ооруп калышбады болду бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан