Буга чейин жазылгандай, Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык концерттик программа орун алды. Анын жүрүшүндө жаңы 2017-жылды тосууга келген тургундарга эстрада жылдыздары ырларын тартуулашты. Саат 23:50 чамасында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин өлкө элин куттуктоосу сахнадан орун алган чоң экрандардан көрсөтүлдү.
Иш-чара 15-20 мүнөткө созулган фейерверк менен жыйынтыкталды. Фейерверк айрымдардын жүрөк үшүн алса, көпчүлүк таң калып, кубануу менен кабыл алды. Ал тургай кичинекей балдарды эле эмес, чоңдорду да толкундантты. Анда эмесе, ажайып фейерверк жана эмоциялар фоторепортажда...