4-январдан тарта өлкөдө чылымдын баасы 2 эсе кымбаттайт

Кыргыз жеринде 2017-жылдын 4-январынан тарта 1 куту чылым 40 сомдон ылдый сатылбайт. Өкмөт тийиштүү токтом чыгарганын 3-январда жарандардын ден соолугун тамекинин зыянынан коргоого багытталган мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Депутат буга чейин чылымдын эң арзан баасын 40-50 сом кылууну сунуштап, мындай шарт өспүрүмдөрдүн тамеки сатып алуусун кыйындатып, бюджетке көбүрөөк киреше түшүүсүнө жол ачарын айткан эле. Бүгүнкү күндө чылымдын 1 кутусу орточо 20-25 сомдон сатылууда.

Токтомго ылайык, тамекиге акциздик салыктын наркы көтөрүлөт. Муну менен мамлекеттик казынага кошумча 200 миллион сом түшөрү айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
Revolyutsiya
2017-01-04 00:52:29
Атайын мыйзам кабыл алып жаткан сон сигареттин минималдуу баасын 1,5-2 доллар кылса болмок. Эч болбогондо 1 доллар. 40 сом эл учун проблема эмес, мындан чылым чегуучулор азая калбайт...
+5
ainura220888
2017-01-04 01:06:54
Москвада 2-3жыл болдуго эн арзан сигарета 100р. 40-50бул бекер сыяктуу эледа. Кыргызстанда штуктап сатканды токтотуш керек. Айылдарда жаш баласын жонотсо сата берет ошентип атам алып кел деди акем алып кел деди деп 1-2штуктап сатып чеге беришет.
+4
tulpar90
2017-01-04 01:07:29
Кайсы тамеки 25-30сом ? Азыр эң арзаны 35сом.
+1
ibo
2017-01-04 01:58:52
Бул мыйзам кайра эле жаш-өспүрүмдөрдүн "насыбайга" ыктоосуна түрткү болот. Иркутскийдеги "боярышнике" окшоп.
+4
Medinaa
2017-01-04 02:04:31
Алдайт эй.Чеге турган адам канча болсо да алат.Страшный сурот мене чыкса деле алып жатат.Бир байке айтты эле"башкасын билбейм, тамекиге кайдан болсо да табам"-деп.Эмнеле тонкий винстон Туркияга экспортолот дессе...ал жакта кымбат тура.Бюджетке гана пайда болушу мумкун.Элдин ден-солугун ойлобой калдылар го.
+3
Tansuluu09
2017-01-04 02:51:23
Менин Атам дагы ошондой ачка калса дагы боло берет главный сигарети болсунда тугоп калса нервичит кылып жини келип калат.
+3
zarlyk2211
2017-01-04 02:57:00
Чеккен адамга кыйын болду. Жаш өспүрүмдөргө жакшы эле кымбаттаганы.
+3
nemo2016
2017-01-04 03:46:27
Чылымдын баасы которулсо деле чеге беришет 2мин кылса деле андан коро жолдордо коомдук жайларда чекендерге мыйзамды кучоткуло
+3
talant87
2017-01-04 08:10:59
тамекинин ордуна бир ботолко арак ичебиз дейта эми арак арзан болотко. эх атин
+1
azamat.k
2017-01-04 09:12:41
Бул да болсо бироонун бизнесин онуктуруу,сигаретке бааны которбой башка жолдорун издеп тапса болот го.Кайсыл сигарет 20-25 сом экен?Азыр олбоду дегенде 40 сомдон жогору сатылат.Мен го чекбейим бирок чегип жургондор кыйналат,тамеки чеккендер жана жашы жете электер эшектин,малдын кыгын ороп чегип калышса анда кандай болот?Андан коро сигареттерди бекер кылып койсо,эч ким чекбей албай калат беле.Акчага сатып алса, акчага келген деп олуп талып соруп чегишет да.
+1
fanatka19
2017-01-04 09:57:10
Сигареттин баасын эмес арактыкын көтөргүлө же такыр эле саттырбгыла.сигарет чексе жалгыз өзүнө зыян,арак ичип үй бүлөөсүнө,коомго,элге зыянын тийгизгендер көп.
+4
KyrgyzKagan
2017-01-04 10:55:36
Мамлекет акциздин марканын баасын которушу керек. Тамекинин эн арзанын 25-30сом болсо, ага 100сом кошуш керек арактын эн арзаны 100 сом болсо ага акциздик салык 500 болушу керек. Ошондо бизнесмен млн. киреше тапса мамлекетке андан 5эсе коп налог тушот. Ошондой эле насывай саткандарга тыю салып же аларгада налог салыш керек. Бирок бул мыйзам аракеч менен бангилерди азайтпасада бюджетке кобуроок пайда алып келет. Коркунучтуусу бир тамеки же бир арак учун жасалган кылмыштар кобойушу мумкун.
0
Revolyutsiya
2017-01-04 11:30:20
KyrgyzKagan, туура жазыптырсын, болгону тиги никти бир канча жылдар мурун башка сайтта колдончумун...
0
bond0202
2017-01-04 10:58:12
эн туура эмес закон,сигаретке акча таппай уурдап тоной башташат
-2
anar8672
2017-01-04 12:02:58
Тамеки эгин болот экен да быйыл
0
shamalchanin
2017-01-04 12:15:04
Тамеки кымбаттаткандан кийин насвайды да кымбаттатыш керек)))(тамаша) бул бироонун эле кызыкчылыгы болуш керек. Чеге турган адам канча сом болсо да чегет...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан