"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик компаниясы 7 миллион сомго автоунаа оңдотуу боюнча жарыяланган тендерди токтотту. Тендер боюнча жарыя мамлекеттик сатып алуулар порталына 2016-жылдын 30-декабрында жайгаштырылып, коомчулукта катуу сынга кабылды. 11 автоунааны оңдотууга ушунча каражат жумшалганы жатканы интернет колдонуучулардын нааразычылыгын жаратты жана мурунку окуяларды эске түшүрдү. Белгилей кетсек, буга чейин Каржы министрлигинин планшет жана сууда сүзүү кызматын, Бажы кызматынын кымбат баалуу кол сааттарды сатып алуу боюнча жарыялаган тендерлери да коомдогу катуу сындардан кийин токтотулган. Бул жолу да ошондой болду.