Көздүн нуру өчүп, жарык ааламды көрбөй калуу ат көтөргүс азап экенин жон териси менен сезип, күнү-түнү караңгылык жашоодо жашап жаткан Жайлообек Талип уулу жан кейиткен тагдырын ортого салып, SUPER.KG порталына айтып берди.
"Акыркы 4 айдан бери эки көзүм таптакыр көрбөй калды. Буга чейин бир көзүм менен көрүп жүрчүмүн. Ошентсе да иштеп, касапчылык менен үй-бүлөмдү багып жаткам. Соңку убактарда иштөөгө мүмкүнчүлүгүм болбой, жумушка да чыкпай калдым. Келинчегимдин кароосунда калдым. Күнү-түнү кичинекей балам менен эрмектешип ойнойм. Ал мага жөлөк-таяк болуп жатат. 1,5 жашта, сөзгө түшүнүп калды. Айткандарымды алып келип берет", - дейт Талип уулу Жайлообек.
Каарманыбыз Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Арал айылынын тургуну. Ал азыр 26 жашта. Жайлообек 4 жашында башына банка түшүп кетип оң көзү көрбөй калган. Азыркы убакта сол көзү да жабыркап, эки көзү тең көрбөй калган. Ал эки баланын атасы. Анын үй-бүлөсүндө учурда иштеп каражат тапкан киши жок. Күнүмдүк турмуштук керектөөлөрдү сатып алууга акчалары жок, кыйын турмушта жашап жатат.
Каарманыбыздын турмушунан кабар алуу үчүн Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылындагы жашап жаткан дарегине бардык. Жалгыз бөлмөдө келинчеги жана эки баласы менен жашап жаткан экен. Бөлмөсү ным тартып кетиптир. Шарты жок бир бөлмөдө Жайлообектин жубайы жаңы төрөлгөн 10 күндүк ымыркайынын төшөнчүсүн жаап, сууктан кымтылап отурганын көрө алдык.
"Көз жарганыма 10 күн болду. Операция жолу менен төрөтүштү. Балам күн сайын торолуп жатат. Өзүмдүн абалым турукташып келе жатат. Балам менен жолдошум бири-бирине жөлөк-таяк болуп үйдө отурушту. Кош бойлуу кезимде жашоо-тиричилигибизге каражат керек болуп ашканалардын биринде идиш жууп иштедим. Мындан улам төрөткө даяр болбой кыйналып калдым. Эми балам бир аз торолсо кайрадан иштеп, балдарымды, анан да көзү азиз жолдошумду карашым керек", - деди каарманыбыздын жубайы Бактыгүл Сыдыкова.
Бул үй-бүлө учурда материалдык жана моралдык жардамга муктаж. Бүгүнкү күндө Жайлообектин да, жубайы Бактыгүлдүн да паспорту жок. Нике кагаздарын да алыша элек. Ал тургай 1,5 жаштагы уулунун, жаңы төрөлгөн ымыркайынын да туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок.
Бурул Кайкыева - Жайлообектин таежеси. Ал борбор калаага небересин убактылуу кароого келген. Шаарга келип жээнинин оор тагдырын көрүп, өз небересин эмес, жээнинин баласын карап жатканын айтып берди.
"Жээнимдин үй-бүлөсү кыйын турмушта жашап жатканын көрүп таштап кете албадым. Анткени операция жолу менен төрөгөн келинге басууга болбойт. Ал эми жээним өз алдынча сыртка чыга албайт. Тамак-ашын даярдап, кир кийимдерин жууп берип жардамдашып жатам. Айрым учурларда жээнимди сыртка жетелеп алып чыгам. Буга чейин келиним жолдошун жетелеп мечиттерге алып барып жардам сурап жүрүптүр. Акыркы убактарда бейтааныш адамдар тамак-аштан жардамдарын берип жатышат", - деп билдирди Кайкыева.
Каарманыбыздын ата-энеси бир топ жыл мурда ажырашып кетишкен. Апасы 5 баласын жалгыз чоңойткон. Учурда каарманыбыздын инилеринин өз алдынча үй-бүлөлөрү болсо да, бири Орусияга, экинчиси Казакстанга иштеп агасынын көзүнө операция жасатууга каражат чогултуу максатында кетишкен. Дарыгерлер Орусияда 600 миң сомдон ашуун каражатка операция жасатууга болорун айтышкан. Мындай каражат бул үй-бүлөдө азырынча жок. Мындан улам Жайлообек менен Бактыгүл коомчулукка жардам сурап кайрылууда.