Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Турсунбай Бакир уулу. Сунушталган мыйзам долбоору алименттерди өз убагында алууга жашы жетпеген балдардын укуктарын коргоого багытталган. Анда баланы багууга каражатты өз маалында алуу максатында алименттерди төлөөнү кечиктиргендиги үчүн үстөк айыпты беш эсе көбөйтүү сунушталган. Мыйзам долбоору тармактык комитеттин корутундусу менен 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.