Бүгүн, 7-январда актриса Нуриза Бурханова 22 жашка толду. Аны куттуктап байланышсак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүнө карата куттуктоолор кечээ эле башталганын айтты.
"Өздүк майрамымды кечинде жакындарым менен бирге өткөрөйүн деп жатам. Мектепте окуткан мугалимим чалып куттуктады, кубандым, мен үчүн аябай жагымдуу болду. Мен үчүн жакындарымдын мени эстеп койгондору эле чоң белек. 00:00 боло электе эле чалышып, "Мен биринчи куттуктадымбы?" деп сурап жатышты", - деди актриса.
Актриса 1995-жылы 7-январда Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарында туулган. Ал "Туңгуч" жаштар театрында окуп, андан соң Кыргыз экономикалык университетине тапшырган. Нуриза Бурханова "Кумурскага каршы калем", "Шам", "Кызыл көйнөкчөн", "Аят-2", "Баарын кайрадан баштайлычы", "Эрежесиз эр уруш", "Тагдырдын өгөй балдары", "Жол", "Мегатой" жана башка тасмаларда роль жараткан.
7-январга карата жылнаама.