Бишкекте Гейдар Алиевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык конференция болуп өттү

Бүгүн, 25-апрелде Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте “Гейдар Алиев – дайыма доордун башында” аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Аталган конференция мамлекеттик ишмер жана Азербайжандын 1-президенти Гейдар Алиевдин 90 жылдыгына арналды. Ал өлкөнү жана Азербайжан элин көз карандысыз жылдарда кыйрап калуудан куткарган. Иш-чарага президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, акыйкатчы Турсунбек Акун, Украина жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү жана башка мамлекеттик ишмерлер катышты. С.Исаков өз сөзүндө “Азербайжан менен Кыргызстанды өткөндөгү окуялар бириктирет” деп айтып, эки тараптуу кызматташууда Азербайжан Кыргызстан үчүн ишеничтүү өнөктөш экенин белгиледи. Ошондой эле ал Азербайжан элчилиги менен биргеликте өлкөдө мамлекеттик ишмер Г.Алиевдин ысымына сейил бак куруларын кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан