Бишкек мэри болуп кайрадан шайланган Албек Ибраимов журналисттер менен жолугушуу өткөрүп, суроолорго жооп берди. Иш-чаранын жүрүшүндө ага бүгүн эртең менен шайлоо учурунда өткөн митинг тууралуу суроо берилди.
"Бул митингге менин эч кандай тиешем жок. Силердей эле мен мэрияга келгенимде чогулган элди көрдүм. Митингдин шайлоого кандайдыр бир таасир эткенин сезген жокмун", - деди Ибраимов.
Мындан тышкары ал бүгүнкү митинг баш аламан уюштурулганын айтты. "Мындай митингге уруксат алуунун кереги жок. Акция борбордук аянтта өтө турган болсо, ошондо уруксат алуу зарыл. Бүгүнкү иш-чарада милиция коомдук тартипти сактап турду. Эгер укук бузуулар болсо, тиешелүү чаралар каралат", - деп түшүндүрдү мэр.