Кыргыз өлкөсүндө эмгек рыногунда электр жана газ менен ширетүүчү, чачтарач, ашпозчу, компьютер оператору, тигүүчү кесиптери боюнча адистерге муктаждык жогору. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каттоодо турган жумушсуз жарандардын саны 84,7 миңге жакын. Алардын 55,9 миңи расмий жумушсуз статусуна ээ. Расмий жумушсуз жарандар экономикалык активдүү калктын (2 миллион 544,3 миң адам) 2,2 пайызын түзөт.
Эмгек кызматында 43,8 миң бош орун катталган. Ар бир бош орунга 13 талапкер болгон. Айрым кесиптерге муктаждыкты эске алуу менен аталган мекеме 7,1 адамды кесиптерге окутууга жөнөттү.