15-январда түн ичинде Орусиянын Саратов облусунда орун алган жол кырсыгында 5 Кыргыз жараны каза болгону айтылууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Төмөнкү Новгород-Саратов унаа жолунда Вольво менен Тойота Версо үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшүп, жалпысынан 7 адам набыт болду. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "каза болду" делген Кыргыз жарандарынын аты-жөндөрүн тактап жатат.