"Манас" аэропортуна жакын жерге түркиялык учак кулады

Тектеш кабарлар: "Манас" аэропортуна жакын жерде Боинг кулады (154 материал)

"Манас" аэропортуна жакын жерге түркиялык учак кулады. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМга учак кулаганы тууралуу маалымат бүгүн саат 07:30 чамасында түшкөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Алдын ала маалымат боюнча, жүк ташыган Боинг 747 үлгүсүндөгү учак Гонконгдон келе жаткан. Аэропортко конордо тилкеге жетпей Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылына кулаган. Учурда учак менен кошо эки турак үй күйүп жатат. Азырынча каза болуп, жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
sirgak_92
2017-01-16 09:14:20
Кудай сактай кор турак уйдогулор аман болсо экен
+1
madina.87
2017-01-16 09:16:49
Ии кыштын кыраан чилдесинде кайсы байкуштардын уйу болду экен.Адамдары тынч бекен?
+1
Volt18
2017-01-16 09:17:34
Эки кун мурун учкан элем, кудай сактасын элимди. Аман болушса экен.
+1
Awpoz4u
2017-01-16 09:21:49
15 адам каза болуптур
+1
Krai
2017-01-16 09:46:57
Эх жараткан озун сактай гор
Эмне эле болуп атат кечээ эле оруссияда 7 Адам каза болду эле алардын соогу келгиче бул жактан 15 Адам каза болуп атат жаман окуялар деги кыргыз элим Аман бололучу
+1
madina.87
2017-01-16 11:41:43
Krai,олгондордун саны 32 жетти дейби?
Эх арман дуйно эмнелер эле болуп жатат!
+1
KG.Kushtarbek
2017-01-16 10:00:37
Боинг 747 би же 744
+1
bayana1987
2017-01-16 10:14:24
KG.Kushtarbek, Боин 400
0
torratarro
2017-01-17 00:29:18
;(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан