Бүгүн, 16-январда саат 09:36да учак кулаган жерге жабыркагандарды убактылуу жайгаштырууга Бишкек куткаруу кызматынан 3 чатыр (10 орун-1 даана, 30 орун-1 даана) тигилди. Ошондой эле кошумча Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 30 куткаруучу, 2 чатыр жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Өзгөчө кырдаал болгон жерде 100 куткаруучу иш алып барууда. Аэропорттун кызматкерлеринен 100 киши тартылган. Чара көрүү боюнча Түндүк борборунан 1 жүктөгүч, 2 оор жүк ташуучу унаа чыгып кетти. 15 өрт өчүрүүчү эсеп тартылды. Транспорт министрлигинен 1 жүктөгүч, 2 оор жүк ташуучу автоунаа тартылды", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары ысык тамак берилип, жылынууга шарт түзүлгөнү маалым болду.